Дашков саламаттыгына байланыштуу «Бикард» клиникасына которулду — УКМК

«Кыргыз Темир Жолу» мамишканасынын мурдагы башчысы Василий Дашков тергөө изоляторунан «Бикард» жеке клиникасына которулду. Бул тууралуу «Клоопко» УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКдан белгилешкендей, Дашков клиникага «саламаттыгына байланыштуу» которулган.

«Бикард» жеке менчик клиникасына ден соолугу начар чиновниктерди УКМК буга чейин деле которуп келген. Аталган клиникада Бажы кызматындагы коррупцияга аралашканын мойнуна алган экс-бажычы Райымбек Матраимов дагы дарыланган.

Матраимовдон тышкары бул клиникада мамлекеттин пайдасына 1 млрд сом төгүп берген парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев, мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шектелип жаткан экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дарыланган.

Тема боюнча:

«1,5 млрд сом». Василий Дашков зыянды төлөп бербегени үчүн кайрадан кармалды

«176 млн сомдук тендер». Темир жолдун жетекчиси кантип мамлекеттик ишкананы «тоногон»?