Абылгазиев жүрөгүн дарылатуу үчүн «Бикард» клиникасына жаткырылды

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

УКМКнын тергөө абагында отурган экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Бикард» жеке клиникасына жаткырылды. Ал жүрөк-кан тамыр ооруларына дарыланып жатат. Бул маалыматты «Азаттык» басылмасына клиникадан тастыкташты.

«Кактус» басылмасы Абылгазиев клиникага мындан бир нече күн мурун которулгандыгын билдирди. Ал эми УКМКдан «Клоопко» Абылгазиевдин ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу комментарий бере албастыгын айтышты.

Абылгазиевге кандай айып тагылууда?

Абылгазиев «Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 26-январда кармалган.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда, өзүнүн активдерин расмий кирешесинен алда канча чоң кылып, мыйзамсыз көбөйтүп алган.

Бул байлыктарын бир жакка жумшаш үчүн, экс-премьер көп кабаттуу үйлөрдү куруу тармагына каржы салып, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгону айтылат.

Мындан тышкары, тергөөнүн версиясы боюнча Абылгазиев өкмөттү жетектеп турган кезде «Кумтор Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүү үчүн, «мамлекеттин кызыкчылыктарына кыянат кылып», кошумча жер бөлүп берген токтомго кол койгон.

Жыйынтыгында Кумтөр алтын кенинин аянты эки эсе көбөйүп, 26,3 миң гектарга жетип калган. Ал аянтка мөңгүлөр менен корук жерлер дагы кирген.

Бирок буга жооп катары Кумтөр компаниясы кен казылган жердин аянты 2009-жылдан бери өзгөрбөй, 26,4 миң гектарды түзөрүн билдирген.

«Бикард» клиникасында дарыланган аткаминерлер

Буга чейин аталган клиникада экс-депутат Кубанычбек Жумалиев да дарыланып чыккан. Ал да УКМКнын тергөө абагынан «Бикардга» которулуп, дарылангандан кийин кайра тергөө абагына кайткан.

Жумалиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана Эл аралык медициналык университеттин ишмердүүлүгүнө лицензияны мыйзамсыз алган деп шектелүүдө. Бул окуу жайы депутатка таандык. Кийинчерек Жумалиев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн казынага 1 млрд сомдон ашуун акча төккөн.

Ошондой эле, ушул эле жеке клиникада экс-бажычы Райымбек Матраимов да дарыланган. Ал да атайын кызматтын тергөө абагында кармалган учурда жүрөгүнө операция жасатуу үчүн ооруканага жаткырылып, кийинчерек кайра №47 колонияга которулган.

Матраимовго карата эки берене менен иш козголгон — бири «Коррупция», экинчиси «кылмыштуу кирешелерди адалдоо». Экс-бажычы коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташканы үчүн 260 миң сом айыпка жыгылып бошотулган.

Ага чейин УКМК Матраимов мамлекетке келтирген 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген.

Ал эми экинчи берене боюнча УКМК үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин кыскартып, аны абактан бошоткон. Атайын кызмат муну Матраимовдун жана анын жакындарынын чет өлкөлөрдө мүлкү табылбаганы менен түшүндүргөн.