«1,5 млрд сом». Василий Дашков зыянды төлөп бербегени үчүн кайрадан кармалды

Василий Дашков

«Кыргыз темир жолунун» мурдагы жетекчиси Василий Дашков кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 9-июнда билдирди.

Атайын кызмат Дашков 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынан 1,1 млрд сом каражатты мыйзамсыз чыгарганын аныктады. Буга чейин УКМК ишканадан 500 млн сомдон ашуун каражат чыгарылганын кабарлаган, бирок тергөөнүн жүрүшүндө зыяндын суммасы эки эсеге көп болгону аныкталды.

Чыгарылган каражаттар товардык-материалдык жүктөрдү жеткирүү үчүн Дашков менен байланыштуу компаниялардын эсебине которулган.

Буга чейин, 18-майда, УКМК дал ушул иштин алкагында Дашковдун уулу Даниил Дашков, «Кыргыз темир жолунун» каржы бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кулматов, «Атом Групп» ЖЧКсынын жетекчиси Анвар Ахмеджанов жана «Генезис Плюс» ЖЧКсынын директору Гурезали Мирзомудиновду кармаган.

Даниил Дашковго «Алдамчылык» беренеси менен шектелип жатканы тууралуу кабарлама берилген. Биринчи май райондук соту Василий жана Даниил Дашковдорду зыяндын ордун толтуруу шарты менен үй камагына чыгарган.

«Бирок бүгүнкү күнгө чейин Василий Дашков тарабынан зыяндын ордун толтуруу боюнча аракеттер жасалган жок [...] Мындан сырткары, 2021-жылдын январь-апрель айларында мамлекеттик ишканадан 490 млн сомго чукул акча чыгарылганы аныкталды. Жалпысынан келтирилген зыяндын суммасы 1,5 млрд сомду түздү», — деп билдиришти УКМКдан.

Учурда Дашков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Василий Дашков тууралуу журналисттик иликтөө

Василий Дашков — мурдагы милиционер. Темир жол тармагына 2006-жылы келген. 2020-жылдын январына чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын көпүрө куруу менен алектенген «Көпүрөчүлөр отрядын» башкарып келген. Андан соң аталган ишкананын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалып, 2020-жылдын апрелинен тарта мекемени жетектей баштаган.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов жана фактчекер Болот Темиров «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Василий Дашковго таандык фирмалар ал жетектеген ишканадан кантип акчаларды адалдап турганы жөнүндө иликтөө чыгарган.

Иликтөөдө Дашковго байланышы бар үч фирма «Кыргыз темир жолунан» эки жылда эле 176 млн сомдук тендер утуп алганы ашкереленген.

Ушундан соң ал «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилик кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбека Марипов 25-мартта кол койгон.

Ал эми анын ордуна 8-апрелде мамлекеттик ишкананын жетекчиси болуп Адылбек Адранов дайындалган.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын буга чейин кармалган жетекчилери

УКМК өткөн жылдын 15-июнунда «Кыргыз темир жолунун» Дашковго чейинки башчысы Канатбек Абдыкеримовду «ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шектеп кармаган.

УКМКнын маалыматы боюнча, мамишкананын жооптуу кызматкерлери коррупциялык схеманы жөнгө салып, ал аркылуу мамсатып алуулар жогорулатылган баалар боюнча жүргүзүлгөн, ал эми ишкананын мурдагы жетекчиси түзүлгөн келишимдин суммасынын 8%дан 15%га чейинки бөлүгүн алып турган.

Мындан сырткары, атайын кызмат тарабынан «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Юнусов 2020-жылдын 14-декабрында кармалган. Кийинчерек ал мамлекетке келтирген 11,7 млн сомдун ордун толтуруп берген. Юнусов убактылуу кармоочу жайдан бошотулуп, үй камагына чыккан. Ал өзүнө тагылган айыптын баарын моюндаган.

Ошондой эле, УКМК 2021-жылдын 9-январында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалады деген шек менен активист Мелис Аспековду жана ишкер Улан Жураевди кармаган.

10-январда Биринчи май райондук соту Аспеков менен Жураевди эки айга, тагыраагы 9-мартка чейин УКМКнын ТИЗОсунда калтыруу чечимин чыгарган.

Ал эми 26-январда Улан Жураев үй камагына чыгарылганы белгилүү болду. Аспеков дагы деле камакта. Ал жакында эле экс-президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровго шайлоо үчүн 10 млн доллар бергенин айтып чыккан. Бирок аны президенттин басма сөз катчысы четке кагып, Жээнбековдор активистти сотко берди.

ТЕМА БОЮНЧА:

«176 млн сомдук тендер». Темир жолдун жетекчиси кантип мамлекеттик ишкананы «тоногон»?