Жогорку Кеңеш Боршайкомдун жаңы курамын бекитти — тизме

Жогорку Кеңештин депутаттары 30-июндагы отурумда Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын бекитти. Депутаттар тиешелүү токтомду жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кабыл алышты.

Садыр Жапаров 28-июнда кол койгон «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» жаңы конституциялык мыйзамына ылайык, Боршайкомдун алты мүчөсүн президент, дагы алты мүчөсүн парламент сунуштайт.

Президент тарабынан сунушталгандар:

  • Нуржан Шайлдабекова — учурда ал Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы;
  • Марс Наспеков — «Кыргыз почтасы» ишканасынын мурдагы директору;
  • Нурлан Койчукеев — адвокат жана Судьялар кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссиянын мүчөсү. Жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон;
  • Акбалык Жумалиева — ЖМКларда ал жарандык активист болгону жазылган. Жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Бир Бол» партиясынан талапкер болгон;
  • Айдана Жупуева — БШКнын шайлоо уюштуруу бөлүмүнүн эксперти;
  • Анар Дубанбаева — «Керемет» ЖЧКсынын юристи, 2009-жылга чейин Бишкек шаардык сотунун судьясы болгон. 2020-жылдын март айында ал Садыр Жапаровду колдоо митингине катышып, УКМК тарабынан «Бийликти күч менен басып алууга» шектеп кармалган. Кийинчерээк ал жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекенчилдин» тизмесинде болгон. Өткөн жылдын ноябрь айында Судьялар кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссиянын мүчөсү болуп дайындалган.

Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталгандар:

  • Абдыжапар Бекматов — учурда ал Боршайкомдун төрайымынын орун басары, анын талапкерлиги «Бир Бол» фракциясынан сунушталды;
  • Искендер Гайпкулов — президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы, мурда «Ата Мекен» фракциясынан депутат болгон. Анын талапкерлигин аталган фракция сунуштады;
  • Акылбек Эшимов — БШКнын мүчөсү, анын талапкерлигин «Кыргызстан» фракциясы сунуштады;
  • Тынчтыкбек Шайназаров — БШКнын мүчөсү, мурда «Өнүгүү — Прогресс» фракциясынан депутат болгон. Шайназаровдун талапкерлигин аталган фракция сунуштады;
  • Узарбек Жылкыбаев — өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү. Жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Республиканын» тизмесинде болгон. Анын талапкерлигин КСДП фракциясы сунуштады;
  • Кайрат Маматов — Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы. Анын талапкерлигин «Республика — Ата-Журт» фракциясы сунуштады

Мыйзамга ылайык, Боршайкомдун жаңы мүчөлөрү беш күндүн ичинде төрага жана анын эки орун басарын шайлашы керек.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо өтөт. Ал эми парламенттик шайлоо качан өтөөрү азырынча белгисиз.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.