«Турандын» лидери Жеңиш Молдокматов 6-сентябрга чейин абакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду 6-сентябрга чейин №1 тергөө изоляторунда калтырды. Бул тууралуу 1-июлда анын жактоочусу Урмат Сыдыков билдирди. Ал соттун чечимин негизсиз деп баалады.

Сыдыковдун айтымында, Молдокматов бөгөт коюу чарасын узартуу боюнча соттук отурумга алып келинген жок. Ошондой эле саясатчыны отурумга онлайн да катыштырышкан эмес.

«Булар болгону бир гана жүйө келтирди: эгерде чыгып кетсе качып кетет. Баягы эле “дежурный” [сөзү]. Экинчиси, “тергөөгө жолтоо кылат, кийин сотко жолтоо кылат”, “тергөө органдарына басым жасайт” депчи. [...] Бирок тергөө органдары муну далилдеп бериши керек болчу — эгерде чыгып кетсе каяка качып кетет? Каяка качмак эле? Мен түшүнөм, эгерде чет өлкөнүн жараны болсо сыртка качып кетсин. Бирок бул Кыргызстандын жараны, Кыргызстанда туулган, өскөн, чоңойгон, үй-бүлөсү бул жерде. Экинчиден тергөөгө эмне кылып кысым кылмак?» — деди Сыдыков.

Ал эми Молдокматовдун апасы Айтбүбү Авасканова президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, «акчасы барларды чыгарып, акчасы жокторду камап жатышат» деп нааразы болду. Ошондой эле Авасканова 5-6-октябрдагы окуяларга 10-15 миңдей адам катышканын, анын баарын кармоо мүмкүн эместигин билдирди.

«Ошол жердеги үч партиянын [шайлоодогу жыйынтыктарын] (“Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиялары — редакция) жокко чыгарыш үчүн революция болгон. Ошонун аркасынан, Садыр Нургожоевич, силер тактыга отурдуңар. Себеби ал революция болбосо, ошол эле түрмөдө отурмаксың!» — деди ал.

Молдокматовдун кармалышы

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Жеңиш Молдокматовду 6-майда кармаган. Ал «Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алууга» шектелип жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Молдокматов 5-6-октябрь күндөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратын басып алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаеди бошотууга мажбурлаган. Кийинчерээк саясатчынын адвокаты Турдалиев анын беренеси «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» алмашканын билдирген.

Ал эми Биринчи май райондук соту 8-майда Молдокматовду эки айга камакка алган. «Туран» партиясынын лидери абактан жазган катында мамлекетте «адилеттүүлүккө жана чындыкка болгон үмүт өчтү» деп билдирген.

«Мурда коюлган "имаратты басып алуу" айыбы “массалык башаламандык уюштуруу” деген беренеге өзгөртүлүп, 2 айга камакка алды. Октябрь айындагы башаламандыктарды Жеңиш Молдокматов уюштурган эмес. Ал жалгыз болгон эмес. Шайлоодон өтпөй калган партиялардын лидерлери меморандум түзүп, тынчтык митингине чыгышкан», — деген саясатчынын адвокаты Кантемир Турдалиев.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов буга чейин президент Садыр Жапаров баш болгон бийликти сындап келген. Молдокматов Жапаров демилгелеген Баш мыйзамга каршы экенин билдирип «Ханституцияга каршы» борборун жетектеген. Ал жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийлик узурпацияланышы мүмкүн экенин айткан.

Ошондой эле саясатчы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгинен Өзбекстанга жер берүүгө каршы чыгып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иш-аракетин сынга алган.

Мындан сырткары Молдокматов Ташиев кыргыз-тажик чек арасында ок атууларды алдын алууга аракет кылган жок деп сындап, анын отставкасын талап кылган.