Бийликти сынга алган саясатчы Жеңиш Молдокматов эки айга камалды

«Туран» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалды. Бул тууралуу 8-майда саясатчынын жактоочусу Кантемир Турдалиев билдирди. Молдакматов 6-июлга чейин №1 тергөө абагында болот.

«Мурда коюлган "имаратты басып алуу" айыбы “массалык башаламандык уюштуруу” деген беренеге өзгөртүлүп, 2 айга камакка алды. Октябрь айындагы башаламандыктарды Жеңиш Молдокматов уюштурган эмес. Ал жалгыз болгон эмес. Шайлоодон өтпөй калган партиялардын лидерлери меморандум түзүп, тынчтык митингине чыгышкан», — деди ал.

Турдалиев Молдокматовдун камалышын саясий буйрутма деп баалады.

«Акыркы убактарда Молдокматов бийликке көп сын айтып жатат. Ал пикирин айтканга акысы бар. Ошол сынды бийликтегилер көтөрө албай, оозун басыш үчүн үстүнөн иш козгоп, куугунтукка алып жатат деп эсептейм», — деди жактоочу.

6-майда былтыркы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган. Ал башында 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяларда «имаратты басып алууга» шектелип жаткан.

Молдокматов кармалганга чейин: «Октябрь окуясы боюнча козголгон иштин алкагында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана ошого катышкан бардык тараптар суралышы керек. Бул иштин тергөөсүндө дагы катышышы керек. Мына ошондо адилеттүү тергөө болот деп айтабыз. Ал болмоюнча бул тергөө дагы, сотко өткөн иш дагы адилетсиз деп эсептейбиз», — деген кайрылуу жасаган.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов буга чейин президент Садыр Жапаров баш болгон бийликти сындап келген. Молдокматов Жапаровдун демилгелери Баш мыйзамга каршы экенин билдирип «Ханституцияга каршы» борборун жетектеген. Ал жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийлик узурпацияланышы мүмкүн экенин айткан.

Ошондой эле саясатчы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгинен Өзбекстанга жер берүүгө каршы чыгып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иш-аракетин сынга алган. Мындан сырткары Молдокматов Ташиев кыргыз-тажик чек арасында ок атууларды алдын алууга аракет кылган жок деп сындап, анын отставкасын талап кылган.

Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовдун кармалышы жана октябрдагы окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окусаңыз болот:

ТЕМА БОЮНЧА:

Жеңиш Молдокматов: Бийликти күч менен басып алгандар учуру келгенде жоопко тартылат

Молдокматов эркин ойлонуп, президентти сындаганы үчүн камалганы анык — Бекешев