«Төрт литр пиво». Үч адамдын өмүрүн алган кырсыкка себеп болгон айдоочу үй камагына чыкты

Аида Жолдошева каза тапкан эки кызы жана жаракат алган уулу менен. Сүрөт: Super.kg 

Июнь айынын башында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда 33 жаштагы аял эки кичинекей кызы менен жол кырсыгынан каза болгон. Анын дагы бир баласы жаракат алып ооруканага жаткырылган. Жол кырсыгына себеп болгон унаада Тоң РИИБдин кызматкери да болгону аныкталды. Ал эми унааны анын таанышы башкарып баратып жолдун четинде токтоп турган унааны катуу ылдамдыкта башкарып келе жатып сүзгөн.

Маркумдун жолдошу Кубанычбек Койчуманов жана анын жакындары «Азаттыкка» курган маегинде шектүү Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгып кеткенин айтып, нааразычылыгын билдиришти.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 12-июнь күнү катталган. Жолдун жээгинде токтоп турган «Фольксваген-Пассат» унаасын катуу ылдамдыкта келе жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн.

Анын кесепетинен «Фольксваген-Пассат» унаасынын ичинде отурган 33 жаштагы Аида Уметалиева жана анын бир жана төрт жаштагы кызы окуя болгон жерде каза болгон. Мындан сыркары келиндин 6 жаштагы баласы Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Маркумдун жолдошу Койчумановдун айтымында, шектүү катуу ылдамдыкта келгендиктен анын унаасындагы келинчеги жана кыздары терезеден учуп кеткен.

«Бул жакта жер участогум бар ошол жерден зым алып келе калайын деп машинамды жолдун жээгине токтотуп коюп кеткем. Кайра келе жатсам эле машинанын катуу “тарс” эткен үнү угулду анан тормуздун чыйылдаган үнү угулду. Анан менин машинамдан өтүп кетсе экен деп тилендим, аңгыча болбой менин машинамды ыргыта сүздү. Менин машинам бир топ жерге сүрүлүп барып токтоду. Мен машинама жетейин деп калгам. Чуркап барып эле келинчегимди балдарымды карадым, үчөө тең терезеден ыргып кеткен экен катары менен жерде тизилип жатып калышыптыр. Эч кандай жардам көрсөтө албадык», — деп көзүнө жаш алып айтып берген окуяны Койчуманов.

Койчуманов «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан Тоң районунун 34 жаштагы тургуну мас абалында болгонун билдирди. Бирок эки күндөн кийин ал айткан сөзүн мойнуна алган эмес.

«Ал унаа айдап бара жаткан баланын атында эмес жанында отурган кыздын наамында катталган экен. Баланын айдоочулук күбөлүгү дагы жок экен. Жанында отурган кыз органда иштеген үчүн тиги балага унааны айдатып алган. Ошол күнү унаанын айдоочусу “төрт литр пиво ичкем, мас болчумун” деп айткан. Келинчегимдин сөөгүн коюп келгенден кийин иниме ал бала “мен соо болчумун. 100 менен эле айдап келе жаткам. Машинаны мен сатып алгам, бирок тиги кыздан документтерди өткөрүп ала элек болчумун” дептир. Баланын деле кыздын деле жакындары келип акыбалыбызды сурап, кечирим сурап койгон жок», — деген Койчуманов.

Ошондой эле, ал айдоочунун жанында отурган кыз милцияда иштегендиктен бул иш кыскарып, шектүүлөр жазага тартылбай калышы мүмкүн деп чочулап жатканын билдирген.

«Ал учурда экөө тең спирт ичимдигин ичип, эс алып келе жатышкан экен. Тиги кыз органда иштеген үчүн өзүнө ишенип “айдай бер, бир нерсе болсо мен жооп берем” деп койду да. Башка карапайым киши болсо “айдоочулук күбөлүгүм жок” деп айдабайт болчу. Эми биз адилет чечимди күтөбүз. Бул жерде бир эмес үч кишинин өмүрү кыйылды», — деп мукактанып ыйлап, сөзүн жыйынтыктады маркум Аиданын жолдошу.

Ал эми «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана анын жанында отурган кыз Тоң районунун Балыкчы шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бирок эки күндөн кийин аларды жакындары ооруканадан алып кетишкен.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын ичинде отурган кыз Тоң РИИБдин кызматкери болгондугун жана айдоочунун күбөлүгү жоктугун тастыктаган. Бирок ал алардын мас абалына экенин аныктоо үчүн дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыга элек деди.

«Ал машинанын ичинде Тоң районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери жүргүчү катары баратканы аныкталган. Анын аракеттери боюнча ички иликтөө кызматы текшерүү жүргүзүп жатат. Ал эми тиги унаа ал кыздын атына эмес анын жакын тууганына катталган экен. Аларды мас абалында экендигин аныкташ үчүн химиялык экспертизага берилген, ошонунун корутундусу чыкканда анан башка Жаза кодекстердин негизинде дагы юридикалык баасы берилет», — деген ал.

Аталган факт КЖБРге «Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» беренеси менен катталган. Бул берене боюнча соттолгондор айып пулга жыгылышы мүмкүн же 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Акыркы учурларда өлкөдө жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам президент 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар копмплексин күчөтүүнү тапшырды.

Ал жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.

2021-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда 2 768 жол кырсыгы катталып, 233 киши каза болуп, 4000ден ашык киши жаракат алды. Бул сандар былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп.