Кара-Кулжа: Селдин кесепетинен 11 турак жай жана 250 метр ички чарбалык жабыркады

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Күйө-Таш айылында 2-июлда сел жүрүп, 11 турак жай жана 250 метр ички чарбалык жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Күйө-Таш айылындагы сел катуу жаандын кесепетинен улам жүргөн. Селден каза тапкандар жок.

Учурда ӨКМдин кызматкерлери сел каптаган жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Тазалоо иштерине райондук ӨКБнөн эки аскер, үч куткаруучу жана 20 жергиликтүү тургун тартылган.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 11-май күнү Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя, Сары-Булак жана Кара-Кочкор айылдарында катуу жаандан улам сел жүргөн. Селдин кесепетинен айылдагы үйлөрдүн короосун суу каптаган.