Нөшөрдөн улам Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарын суу каптады

Кадамжай району. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

5-6-майда катуу жааган жамгырдан улам Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан дамба 4-5 жеринен жырылып, Өрүкзар, Торговый жана Кайтмас айылдарын суу каптоо коркунучу жаралган. Куткаруучулар жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тартылып, 1,5 миң адам коопсуз жайга эвакуацияланган.

Ал эми 7-майга караган түнү суунун деңгээли төмөндөп, жергиликтүүлөр үйлөрүнө кайтарылган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан суу Торговый айылынын жолдорун, соода түйүндөрдү жана «Техас» кафесин каптаганын билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан Падыша-Ата дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, көпүрөнүн жээгин жууп кеткен. Ошондой эле суу Айбек айылында дарыянын жээгинде салынган үйдүн короосун каптап, жайкы ашканасынын дубалы урап түшкөн. ӨКМ бул үй мыйзамсыз салынганын белгилешти.

07.06.2021-ж. АКСЫ: ПАДЫША-АТА ДАРЫЯСЫНДАГЫ СУУНУН ДЕҢГЭЭЛИ КӨТӨРҮЛҮП, МЫЙЗАМСЫЗ САЛЫНГАН ТУРАК ҮЙДҮН КОРООЛОРУ...

Опубликовано МЧС Кыргызстана Пятница, 7 мая 2021 г.

«Айылдын ичиндеги турак үйлөргө коркунуч жок. Учурда каттам айланма жол менен жүргүзүлүүдө», — деп берилет ӨКМдин билдирүүсүндө.

Облустун Ноокен районундагы Арал айылында Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, дамбаны буза баштаган. Мындан улам айылдын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы Сел-Арык сел каналынан суу ашып, бир катар ишканалардын жана турак-жайлардын короолорун каптаган.

Ал эми Ош шаарындагы жамгырдан улам Даңги тараптагы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын суусун ылайлаткан. Ошондой эле калаанын борбордук көчөлөрүн суу каптады.