Ала-Арча суу сактагычына 13 жашар бала чөгүп кетти

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычына 13 жашар бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-июлда маалымдады.

Маркумдун сөөгү 4-июлда саат 19:35те табылган. Аны издөө иш-чарасына Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылган. Анын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Буга чейин Ош шаарындагы Төлөйкөн айылында 18 жаштагы бала жана 13 жашар өспүрүм Ак-Буура каналына чөгүп кеткен. Маалыматка ылайык, 13 жашар бала сүзгөндү билбегендиктен сууга агып кеткен. Ал эми анын таанышы куткарууга аракеттенгенде өзү да чөгүп каза тапкан.