Ош: Күн ысыкта Ак-Буура каналына түшкөн 13 жана 18 жаштагы балдар сууга чөгүп кетишти

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылында 18 жаштагы бала менен 13 жашар өспүрүм Ак-Буура каналына чөгүп кетип каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.

Анын айтымында, балдар Кара-Суу районунан Төлөйкөн айылына устачылык кылып иштегени келген. Ысып кеткендиктен 29-июнь күнү алар Ак-Буура дарыясынын үстүндөгү каналга түшүп, бирок 13 жашар бала сүзгөндү билбегендиктен сууга агып кеткен.

Жанындагы шериги өспүрүмдү куткаруууга аракет кылып, бирок өзү да чөгүп кеткен. Алардын сөөгү 30-июнда Ак-Буура — Араван каналынан табылып, ата-энелерине өткөрүп берилген. Маркумдардын ата-энелери балдарынын сөөгүн экспертизага берүүдөн баш тартышты.

Үстүбүздөгү жылдын 20-майында аталган каналга мектептен чыгып үйүнө бараткан 1-класстын окуучусу түшүп кетип каза болгон.

Окуучунун сууга түшүп кеткенин көргөн классташтары мугалимдерге кабарлап, алар куткаруучуларды чакырган. Бирок ал сууга чөгүп каза болуп калган. Баланын бир чакырымдай алыстыкка агып барган сөөгүн Төлөйкөн айылынын тургундары суудан алып чыгышкан.

Ош: 1-класстын окуучусу Ак-Буура каналына түшүп кетип каза тапты