«Түндүкэлектр» Бишкекте карызын төкпөгөн 2 700дөн ашык катардагы абонентин өчүрөт

«Түндүкэлектрдин» басма сөз кызматы 6-июлда Бишкекте 2 700дөн ашык катардагы абонентин электр энергиясынан аралыктан өчүрөрүн билдирди. Ага ылайык, электр энергиясы үчүн карызын төлөбөй жүргөн абоненттердики өчүрүлөт.

«Түндүкэлектрдин» маалыматына ылайык, шаар тургундары 5,2 млн сом карыз.

Мекемеден белгилешкендей, абоненттер электр энергиясына болгон карыздарын төлөм терминалдары, электрондук капчыктары аркылуу, андан тышкары коммерциялык банктардын жана «Кыргызпочтасы» мамишканасынын кассаларынан төлөй алышат.

Электр энегиясынын тарифтери

Учурда ишкананын катардагы абоненттери эгерде айына 700 кВт/саатка чейин колдонсо 1 кВт/сааты үчүн 77 тыйындан төлөшөт. Бул чектөөдөн ашкандан кийин ар бир киловатт үчүн алар 2 сом 16 тыйындан төлөшөт.

Бирок бийлик электр энергиясына болгон тарифти өзгөрткүсү келет. 15-июнда энергетика министрлиги өлкөдө электр энергиясынын, жылуулуктун жана ысык суунун тарифин көтөрүүнү сунуштаган.

ТЕМА БОЮНЧА: Энергетика министрлиги электр, жылуулук жана ысык суунун тарифтерин көтөрүүнү сунуштады

Калк үчүн тарифтерди «электр энергиясы үчүн эсептерге төлөөдө калктын күтүлбөгөн экономикалык кыйынчылыктарга туш болуусун болтурбоо максатында» акырындык менен көтөрүү сунушталууда.

Ошентип, калкка 1 кВт/с электр энергиясы үчүн 1,09 сомду түзгөн бирдиктүү тарифти бекитүү сунушталууда.

«Бийик тоолуу райондордун жашоочуларына кышкысын да, жайкысын да электр энергиясын керектөө боюнча чектөөлөр коюлбайт. Негизги калк үчүн кышкы мезгилде суу тартыш болуп атканына байланыштуу 1 миң кВт/с чектөөнү калтыруу сунушталууда», — деп билдирген энергетика министри Доскул Бекмурзаев 15-июнда.

Ал эми 2023-жылы калк үчүн тарифти 1,48 сомго чейин көтөрүү сунушталып жатат. Андан ары тариф инфляцияга жараша тизгинделет.

Бирок бир катар депутаттар министрлер кабинетинин төрагасына август айына мерчемделген тарифтерди көтөрүүнү ишин жылдыра тууруну сунуштап кайрылышкан.

Улукбек Мариповдун дарегине жолдонгон он депутаттын кайрылуусунда тарифтерди көтөрүү «социалдык жарылууга жана ири ишканадардын жабылуусуна алып келиши» мүмкүндүгү айтылат. Азырынча Марипов кайрылууга жооп бере элек.