Human Rights Watch кыргыз бийлигин Орхан Инандынын уурдалышын иликтөөгө чакырды

Human Rights Watch (HRW) Эл аралык укук коргоо уюму «Сапат» мектептеринин президенти Орхан Инандыга байланыштуу билдирүү жасады. Билдирүүдө ал кыргыз бийлигин Орхан Инандынын уурдалышын иликтөөгө үндөдү.

Уюм Инандыны Түркияда террористтик деп эсептелген Фетхуллах Гүлендин ФЕТО* коомдук уюму менен байланышы бар делгени үчүн уурдап кетишкенин четке какпайт.

*ФЕТО же Гүлендин жактоочулары — Түркияда террористтик деп табылган түрк жазуучусу Фетхуллах Гүлендин идеяларынын айланасында жаралган Түркиянын коомдук кыймылы. Кыймылдын ишмердиги билим берүү тармагында (140тан ашуун өлкөдө кыймылдын жактоочулары ачкан 1400гө чукул мектеп иштейт) жана конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүүдө өзгөчө активдүү.

HRW уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева белгилегендей, Инанды — Кыргызстандын жараны жана «өкмөт анын жоголушун иликтеп, ал кармалып турган жерди аныктап, анын коопсуздугун камсыздап, Түркияга өткөрүп берүүгө бөгөт коюуга милдеттүү».

Аталган уюм акыркы беш жылда түрк бийлиги Гүлен менен байланышы бар деп шектеген адамдар дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнөн «өз билемдик менен кармалып, күч менен Түркияга өткөрүлүп берилген жана азыр камакка алынганын» эске салган.

«Түрк ЖМКлары адамдардын зордук менен жоголуп кетишин алар жашаган өлкө менен түрк бийлигинин ортосундагы биргелешкен атайын операция катары берип жатышат. [...] Инанды Түркияга өткөрүлө турган болсо аны жол берилгис кармоо жана кыйноо, терроризмге айыптаган адилетсиз сот күтүшү мүмкүн», — деп белгиленет укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

Мунун менен бирге HRW, эгерде кыргыз бийлиги Инандыны Түркиянын бийлигине өткөрүп берүүгө жол берсе, анда бул Кыргызстан кыйноолорго каршы ратификациялаган эл аралык Конвенция боюнча милдеттенмелерин бузат деп кошумчалады.

«Кыргызстан адам укуктарынын эл аралык стандарттарын сактоого дилгир экенин билдирип келет, бул абдан маанилүү болуп турган так эле ошондой жагдай. Эгерде бийлик Инандыны эркине каршы кармалып жаткан жеринен бошотуп чыкпаса, анда бул эл аралык ченемдер менен Кыргызстандын Конституциясы талап кылган адамдын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин аткарбай койгон болуп калат», — деп жыйынтыктады уюмдун Борбор Азия боюнча эксперти.

Орхан Инандынын уурдалышы

«Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалан. Андан бери ИИМден Инандыны табууну талап кылган митингдер токтобой келет.

Кийин, 2-июнда ИИМ Инандынын жоголушу боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Ведомство аталган иш бюнча сотко чейинки өндүрүш иштери ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө экенин белгилеген.

6-июнда Орхан Инандынын жубайы видеокайрылуу аркылуу анын жолдошу Бишкектеги Туркия элчилигинин имаратында кармалып тургандыгы тууралуу маалыматы бар экендигин айткан. Анын айтымында, жолдошун Түркияга депортациялай турган болсо, «анын өмүрүнө коркунуч туулат».

Инандынын иши коомчулукта резонанс жаратып, президент Садыр Жапаровго чейин жеткен. Ал өз кезегинде УКМК менен ИИМге Инандыны издөөгө кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган.