«Орхан Инанды табылабы?» деген суроо менен Рейхан Инанды акцияга чыкты

Бир айдан ашуун убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан «Сапат» билим берүү мекемесинин мурдагы президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды 5-июлда Ак үйдүн алдына жалгыз пикетке чыкты.

Инандынын үй-бүлөсүнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова жарыялаган тасмадан Рейхан Инанды колуна «Орхан Инанды кайда?» жана «Орхан Инанды табылабы?» деген плакаттарды кармап алганын көрүүгө болот.

Ал эми Токтакунова алар буга чейин өкмөт үйүнүн алдында да акция өткөрүшкөнүн кабарлады.

Буга чейин Түркия элчилигинин алдында, Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн жанында Орхан Инандыны табуу боюнча митингдер өткөн. Ага 100дөн ашуун киши катышып келген.

Инандынын жоголушу жана аны издөө

Орхан Инанды

Орхан Инанды Түркияда туулган, бирок 1995-жылы Кыргызстанга келип 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган. Ал «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесин негиздеген төрт кишинин бири. Инанды 2021-жылдын 31-майынан бери дайынсыз болууда.

1-июнда Бишкек шаардык милиция Инандыны издөө иштерин баштап, аймактарга багыттама жөнөткөн. Ошондой эле укук коргоо органдары «Киши уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү башталган. ИИМ аталган иш ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө экенин белгилеген.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал укук коргоо органдарына анын жайгашкан жерин аныктоо боюнча тийиштүү издөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

8-июнда ИИМ башчысынын орун басары Нурбек Абдиев Орхан Инанды Интерпол аркылуу изделип жатканын билдирген.

Инандынын аялы буга чейин видеокайрылуу жасап, жолдошу Түркия элчилигинин имаратында кармалып тургандыгы тууралуу маалыматы бар экендигин айткан. Ал андан кийин эки жолу өлкө башчысы Садыр Жапаровго дагы кайрылуу жасап, күйөөсүн таап берүүнү өтүнгөн.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Рейхан Инандынын сөздөрүн четке каккан.

Ал эми Human Rights Watch (HRW) Эл аралык укук коргоо уюму Орхан Инандыга байланыштуу билдирүү жасап, кыргыз бийлигин анын уурдалышын иликтөөгө үндөгөн. Уюм Инандыны Түркияда террористтик деп эсептелген Фетхуллах Гүлендин ФЕТО коомдук уюму менен байланышы бар делгени үчүн уурдап кетишкенин четке какпайт.

Президенттик аппараттан Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен дайынсыз жоголгон Орхан Инанды тууралуу сөз болгонун билдиришкен.

Анда Жапаров түрк президенттинен Инандынын жоголушу боюнча маалыматы бар-жогун сураган. Бирок Режеп Тайып Эрдоган аны тааныбастыгын, «ФЕТОчулар тууралуу билгиси да келбестигин айткан» деп билдиришкен президенттин басма сөз кызматынан.