Баткенде «Баштан Башта» кыймылынын активисттерине кол салуу аракети болду

«Баштан Башта» жарандык кыймылы 5-июлда Баткен облусунда активисттерге «чымыр денелүү» белгисиз адамдар кол салууга аракет кылганын билдиришти. Алардын айтымында, чочун адамдар кыймылдын мүчөлөрүнөн облустан чыгып кетүүнү талап кылышкан.

Активисттердин айтымында, чогулган адамдар аймактан чыгып кетүү талабынын себебин түшүндүрө алган эмес.

«Баштан Башта» кыймылы Баткен облусуна ишкерликти өнүктүрүү долбоору менен барганын белгилеген.

Жарандык кыймыл окуя болгон жерге Баткен ИИББден аймактык тескөөчү келгенин жана активисттер арыз жазуу үчүн милиция бөлүмүнө бара жатканын «Клоопко» билдирген.

«Баштан Башта» — жаштардын жарандык кыймылы, ал жарандарды агартуу жана маалыматтан кабардар кылуу багытында иш алып барат.