Бишкек ШИИБи: Инандынын кыргыз жана түрк жарандуулугу бар болгону аныкталды

Бишкек ШИИБдин тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүн негизинде «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхана Инанды кош жарандуулукка ээ экендигин аныкталганын маалымдады.

Ал эми буга чейин Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова, анын Түркияда алган паспорту жараксыз экенин билдирген.

Милиция эмне дейт?

Бишкек шаардык милициясы сотко чейинки иликтөөнүн негизинде Инанды Кыргызстандын паспортунан сырткары, мөөнөтү 2024-жылдын 23-сентябрында аяктай турчу Түркия Республикасынын паспортун пайдаланып жүргөнүн аныктаган.

«Орхан Инанды Кыргызстандын жана Түркиянын паспортторун колдонуп жүргөн. Бирок, Орхан Инанды Түркияда туулуп-өскөн жана Түркиянын жарандыгынан баш тарткан эмес, демек ал Түркиянын жараны болуп эсептелет», — деп жазылат Бишкек ШИИБи тараткан маалыматта.

Бишкек ШИИБи билдиргендей, Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын ID паспортун жана жалпы жарандык паспортун алган.

Ошондой эле, ал Түркия Республикасынын паспортун пайдаланып Кыргызстандын чек арасынан 27 жолу өткөнү маалым болгон. Ал 2014-жылдан 2018-жылга чейин Азербайжан, Казакстан, БАЭ, Россия, Түркия жана Индияга барып келген.

Ал эми 2018-жылдан кийин Инанды Кыргыз Республикасынын паспортун 9 жолу пайдаланып, Россия, Казакстан жана Индияга учуп барып келген.

Бишкек ШИИБи 2019-жылдан баштап тиешелүү кызматтар тарабынан Орхан Инанды кыргыз паспортун алгандыгынын мыйзамдуулугу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Адвокат эмне дейт?

7-июлда Орхан Инанданын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова, анын кардарынын Түркиядан алган паспорту жараксыз экендигин белгилеп, 2012-жылдан бери Кыргызстандын жараны экенин айткан.

«Жарандын кайсы бир мамлекетке тиешелүү экени паспорттун негизинде аныкталат. Анын паспорту бар... Түркиянын жарандыгы тууралуу айта турган болсок, түрк тарап бир нече паспорттун түрүн жараксыз деп тапкан документ жарыялаган. Ага ылайык, Инанды өзүнүн 18 жашка чыкканда алган паспортун колдоно алмак эмес. Буга Инанды көптөн бери өзүнүн 13 жана 9 жашка чыккан балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жүргөнү дилил боло алат», — деп белгилеген жактоочу.

Орхан Инандынын уурдалышы

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Буга президент Садыр Жапаров реакциясын билдирип, УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган.

Ал арада «Сапаттын» жүздөгөн бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери митингге чыгышып, Инандыны табууну талап кылышкан. Кийин алар Инандыны Түркиянын атайын кызматы уурдаган деп болжошкон.

Бул «Сапат» билим берүү мекемелери диний ишмер Фетхуллах Гүлендин Түркияда террористтик деп табылган *ФЕТО кыймылы менен тиешелүү делгенине байланыштуу болгон.

*ФЕТО же Гүлендин жактоочулары — Түркияда террористтик деп табылган түрк жазуучусу Фетхуллах Гүлендин идеяларынын айланасында жаралган Түркиянын коомдук кыймылы. Түркия 2016-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган жазуучу Фетхуллах Гүлендин өзүн да террорист деп тапкан. Кийин түрк бийлиги дүйнө жүзүндө Гүленге байланыштуу мектептерди жаап, ФЕТОнун мүчөлөрүнүн экстрадицияланышын талап кыла баштаган. Гүлен өзү учурда АКШда жашайт.

Арадан бир ай өткөн соң Инандынын жубайы менен анын тарапташтарынын кооптонуулары бышыкталган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 6-июлга караган түнү жеке өзү билдирүү жасап, Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан алынып келингенин маалымдаган.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин билдирген.

Кыргызстандын бийлиги Эрдогандын билдирүүсүнө 6-июль күнү кечинде гана реакция кылган. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырган.

Буга элчи Инанды Түркиянын жараны деп жооп берген. Ошондой эле ал түрк тарап Кыргызстандын аймагында атайын операция жүргүзгөнүн айткан эмес деп белгилеген.Бирок кыргыз ТИМи Инандынын кыргыз жараны катары укуктарынын корголушу боюнча бардык чаралар көрүлөөрүн баса белгилеген.

Кийин президент Садыр Жапаров дагы Инандыга байланышкан окуяга комментарий берген. Ал «Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кыларын» убадалап, түрк тарапка бул боюнча маселе көтөрүлгөнүн билдирген.

Ал эми УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев 7-июлда парламент жыйынында уурдалган Орхан Инанды өлкөдөн кандайча чыгарылып кеткени боюнча азырынча маалымат жоктугун айткан.

7-июнда Түркиянын коомдук TGRT Haber TV телеканалынын алып баруучусу Ферхат Унлу Инандынын уурдалышына кыргыз бийлигинин катыштыгы бар болушу мүмкүн деген божомолун айткан.

Анда Унлу Жапаров Тажикстан менен болгон жаңжалда Орусия жана Кытайдан колдоо таба албай, эми аны Түркиядан издеп жатат деп белгилеген.

Анын айтымында, Түркия Кыргызстан өз аймагында жүргөн ФЕТОнун бардык мүчөлөрүн, анын ичинде «Сапат» мектептерин Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүп бериши керек деген шарт койгон.

Ал эми Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргыз бийлигинин Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси бар экени тууралуу божомолдорду «таптакыр сандырак» деп билдирген.