Жапаровдун басма сөз катчысы Инандынын уурдалышына бийликтин тиешеси жоктугун айтты

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргыз бийлигинин Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси бар экени тууралуу божомолдорду «таптакыр сандырак» деп билдирди.

«Орхан Инандынын жоголгону белгилүү болгондон тартып президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарына ыкчам-издөө амалдарын, чек ара көзөмөлүн күчөтүүнү, Инандыны издөөгө кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган», — деп билдирди Султанбаев.

Ошондой эле ал буга чейин Инандыны үч жолу уурдоо аракети болгонун, «акыркы жолу аны Кыргызстандын атайын кызматы алып калганын», андан соң ага жансакчылардын коштоосунда болуу сунушталганын да эске салды.

«Азыркы учурда түрк тараптан расмий жооп келе элек, бирок алар Инанды түрк жарандыгынан баш тартпаганын жана Түркиянын жараны болуп эсептелет деп оозеки түрдө айтып жатышат», — деп кошумчалады басма сөз катчы.

Мурдараак 7-июнда Түркиянын коомдук TGRT Haber TV телеканалынын алып баруучусу Ферхат Унлу Инандынын уурдалышына кыргыз бийлигинин катыштыгы бар болушу мүмкүн деген божомолун айткан.

Анда Унлу Жапаров Тажикстан менен болгон жаңжалда Орусия жана Кытайдан колдоо таба албай, эми аны Түркиядан издеп жатат деп белгилеген.

Анын айтымында, Түркия Кыргызстан өз аймагында жүргөн ФЕТОнун бардык мүчөлөрүн, анын ичинде «Сапат» мектептерин Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүп бериши керек деген шарт койгон.

УКМКнын бул ишке катыштыгы бар-жогуна күмөн санап жатканын Орхан Инандынын адвокаты Таалагүл Токтакунова дагы айткан. Аны менен бирге Токтакунова мамкомитетти Инандыны издөө боюнча ведомстволор аралык комиссиядан чыгарып салууну кошо суранган.

Орхан Инандынын уурдалышы

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Буга президент Садыр Жапаров реакциясын билдирип, УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган.

Ал арада «Сапаттын» жүздөгөн бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери митингге чыгышып, Инандыны табууну талап кылышкан. Кийин алар Инандыны Түркиянын атайын кызматы уурдаган деп болжошкон.

Бул «Сапат» билим берүү мекемелери диний ишмер Фетхуллах Гүлендин Түркияда террористтик деп табылган *ФЕТО кыймылы менен тиешелүү делгенине байланыштуу болгон.

*ФЕТО же Гүлендин жактоочулары — Түркияда террористтик деп табылган түрк жазуучусу Фетхуллах Гүлендин идеяларынын айланасында жаралган Түркиянын коомдук кыймылы. Түркия 2016-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган жазуучу Фетхуллах Гүлендин өзүн да террорист деп тапкан. Кийин түрк бийлиги дүйнө жүзүндө Гүленге байланыштуу мектептерди жаап, ФЕТОнун мүчөлөрүнүн экстрадицияланышын талап кыла баштаган. Гүлен өзү учурда АКШда жашайт.

Арадан бир ай өткөн соң Инандынын жубайы менен анын тарапташтарынын кооптонуулары бышыкталган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 6-июлга караган түнү жеке өзү билдирүү жасап, Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан алынып келингенин маалымдаган.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин билдирген.

Кыргызстандын бийлиги Эрдогандын билдирүүсүнө 6-июль күнү кечинде гана реакция кылган. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырган.

Буга элчи Инанды Түркиянын жараны деп жооп берген. Ошондой эле ал түрк тарап Кыргызстандын аймагында атайын операция жүргүзгөнүн айткан эмес деп белгилеген.Бирок кыргыз ТИМи Инандынын кыргыз жараны катары укуктарынын корголушу боюнча бардык чаралар көрүлөөрүн баса белгилеген.

Кийин президент Садыр Жапаров дагы Инандыга байланышкан окуяга комментарий берген. Ал «Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кыларын» убадалап, түрк тарапка бул боюнча маселе көтөрүлгөнүн билдирген.

Ал эми УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев 7-июлда парламент жыйынында уурдалган Орхан Инанды өлкөдөн кандайча чыгарылып кеткени боюнча азырынча маалымат жоктугун айткан.