Түштүк-батыш бажысынын башчысы Айтмаматов 74 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

Мыйзамсыз баюуга шектелип камакка алынган Түштүк-батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов үй камагына чыкты. Бул маалыматты «Клоопко» Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык соту мындай чечимди 1-июлда кабыл алган. Басма сөз кызматтын айтымында, Айтмаматовдун УКМКнын ТИЗОсуна камакка алуу бөгөт чарасы, мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруп, 74 млн 517 миң сом төккөндөн кийин кабыл алынган. Жалпы зыяндын өлчөмү 100 млн сомду түзгөн.

Айтмаматовду 10-июнда атайын кызмат «Мыйзамсыз баюуга» шектеп кармаган. Атайын кызмат бажычы өзүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп, товарлардын жалган транзитин уюштуруп, көмүскө киреше алып турганын билдирген.

«Мыйзамсыз топтолгон байлыгын Айтмаматов көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк сатып алуу менен адалдаган». — деп билдирген Улуттук коопсуздук комитети.

Атайын кызмат Айтмаматов мыйзамсыз тапкан кирешелерин адалдоо үчүн 4,5 млн долларга 30 элиталык батир жана 1 млн долларга 10дон ашуун унаа алганын маалымдады. Мындан сырткары бажычы көмүскө кирешелердин көбүн эки курулуш компания аркылуу «мыйзамдаштырганы» кабарланган.

Буга чейин «Кактус» басылмасынын журналисти Марат Уралиев Түштүк-батыш бажысынын жетекчисинин байлыктары тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда журналист Айтмаматовдун үч эжеси жана апасына кеминде 2,5 млн долларлык мүлк катталганын ачыктаган.

Ошондой эле иликтөөдө бажычынын апасы Канымбү Кулбаева «Капитал Строй Инвест», «Роял Констракшн», «Роял Текстиль», «Ош-Коммунальщик» жана «Коммунтехсервис и К» компанияларына ээлик кылганын аныкталган.

Ал эми Айтмаматовдун жубайы Чынара Матанова «НТС трейд» курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп көрсөтүлгөн.

39 жаштагы Айтмаматов бажыдагы карьерасын 2002-жылы Оштогу «Кара-Мык» постунда баштаган. Кийинчерээк ал Оштогу «Достук», «Ынтымак» жана «Иркештам» бажы бекеттеринде да инспектор болуп жүргөн.

Журналисттер Айтмаматов Райымбек Матраимовдун жакын адамдарынын бири катары бажыдагы көмүскө схемада чечүүчү роль ойношу мүмкүн деп божомолдошкон. Андан тышкары, Матраимовдун үй-бүлөсү менен абдан ынак болгондуктан, алар мүлкүн Айтмаматовго жаздырып коюшу ыктымал деген жоромолун айтышкан.

*Райымбек Матраимов — мурдагы бажычы жана OCCRP, «Азаттык» жана «Клооптун» Кыргызстандан 700 млн долларды чыгарып кетүү жөнүндө иликтөөсүнүн фигуранты. Укук коргоо кызматкерлери көпкө чейин Матраимовду кармаган эмес.

Кийин кармалгандан кийин, сот учурунда ал бажыдагы коррупцияны мойнуна алып, 260 миң сом айып төлөп берген. Бул суммадан сырткары, Матраимов мамлекеттин эсебине 2 млрд сомду келтирген зыяныдын ордун толтуруучу кенемте катары которгон. Бул сумманын жарымын кыймылсыз мүлк аркылуу төлөгөн.