АКШ элчилиги коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамды кайра кароону өтүндү

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга буга чейин кабыл алынган түзөтүүлөргө байланыштуу билдирүү жасады.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү парламент 17-июнда кабыл алган, ал эми 7-июлда мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө президент Садыр Жапаров 26-июнда эле кол койгону белгилүү болгон.

Элчилик жаңы өзгөртүүлөр коммерциялык эмес уюмдарга финансылык жана программалык отчёт берүүдө талаптарды жогорулатат деп эсептейт.

«Талаптар бейөкмөт уюмдардын жарандардын жашоосун жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч жаратып, бейөкмөт уюмдардын өкмөттүн COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдөгү иш-аракеттерине колдоо көрсөтүүчү эң маанилүү чараларына тоскоолдук жаратат», — деп эсептешет элчиликте.

Ошондой эле, мындай мыйзамдар башка өлкөлөрдө «өкмөттү сынга алуучу уюмдарды куугунтуктоо» үчүн колдонулганын белгилешкен. Алар дал ушундай аракеттерден улам пикирди эркин билдирүүгө зыян тийгизилээрин кошумчалашты.

«Биз өлкө жетекчилигин мыйзамды жана анын жарандык коомго тийгизген терс таасирин карап чыгууга чакырбыз. Бул кыргыз демократиясына доо кетире турчу негизги маселе», — деп айтылат элчиликтин кайрылуусунда.

Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга кирген чуулгандуу түзөтүү

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын чуу жараткан түзөтүүлөрүнө президент Садыр Жапаров 26-июнда эле кол койгон. Бирок мыйзамга кирген түзөтүүлөр мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитине бир нече күндөн кийин гана жарык көргөн.

Мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр бардык коммерциялык эмес уюмдарды (КЭУ) иши тууралуу отчёт берүүгө, анын ичинде бухгалтердик документтерди, банк эсептерин, уюмдардын мүлкүн жана кызматкерлеринин жеке маалыматтарын да берүүгө милдеттендирет.

Жапаровду колу коюлган түзөтүүлөргө ылайык, КЭУнун айкындыгы тууралуу 17-берене дагы эки пункт менен толукталган. Эми КЭУлар маморгандарга кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү тууралуу отчёт тапшырып турушу керек.

«Ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, уюмдун мүлкүнүн өлчөмү жана курамы, анын чыгымдары тууралуу маалыматтар мамлекеттин коммерциялык сырдын предмети боло албайт», — деп айтылат документте.

Аны менен катар, кайтарымсыз негизде каражат алган коммерциялык эмес уюмдар, жыл сайын 1-апрелге чейин салык кызматынын сайтына өткөн жылдагы киреше булактары, алардын сарпталышы боюнча маалымат жайгаштыруусу керек. Ошондой эле, мыйзамга кирген түзөтүүлөргө караганда, КЭУлар сатып алган, колдонгон жана башка жактарга өткөрүп берген мүлктөрү тууралуу маалымат берип турушу керек.