Баткен: Чек ара жаңжалында жабыркагандардын бир бөлүгүнө кенемте төлөндү

Баткен облусу, Максат айылы. Куралдуу жаңжалдан соң үйүнөн биринчи жолу кабар алганы келген эне. Сүрөт: Айбике Адилет кызы/Kloop

Баткенде тажик аскерлеринин куралдуу агрессиясынан курман болгон 27 кишинин үй-бүлөсүнө жана жаракат алган 67 тургунга кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон, ал эми жаракат алгандарга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин компенсация төлөнүп берилди — бул документтерди толуктап, тийиштүү процедурадан өткөн жарандар жана үй-бүлөлөр.

Ал эми жалпысынан кенемте төлөп берүү үчүн бюджеттен 51 миллион сом каралганы айтылды. Ошондой эле министрлер кабинети жаңжалда келтирилген чыгымдын жалпы суммасын 1 миллиард 305 миң сом деп эсептеген.

29-30-апрелде Баткен облусунда тажик аскерлеринин куралдуу агрессиясынан улам 189 киши жаракат алып, 36 киши каза болгон.

Ошондой эле тургундардын 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн — анын ичинде үч чек ара заставасы бар.

Кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле, учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.

Ыктыярчы топ: Баткенде курулуп жаткан үйлөр коопсуздук талаптарына жооп бербейт

Баткен: Президент 6-майда капсула салган объекттин курулушу алигече башталбай турат