УКМК: Бир аскер барымтада, аны кайтарып берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Иллюстративдик сүрөт

УКМКнын чек ара кызматы Көк-Жайлоо аймагындагы Чашмагильдан ашуусуна бара жатканда 8-июлда орун алган ок атышуудан кийин тажик тарап бир кыргыз аскерин кармап кеткенин маалымдады.

«Учурда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү ок атышуу болгон жерге барып, териштирүүнү жүргүзүүдө. Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча өкүлү, полковник Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан кармалган аскер кызматкерин кайтарып берүүнү талап кылды», — деп мекемеден билдиришти.

Чек ара кызматынан «Клоопко» учурда барымтага алынган аскер боюнча башка маалымат келе электигин билдиришти.

Буга чейин чек ара кызматынан ок атышуу учурунда эки кыргыз аскери жарадар болгонун, алардын бири сержант Хуснидин Хожиев каза болгонун маалымдашкан. Алар менен чогуу жүргөн дагы эки жоокер окуя болгон жерден кетип калууга үлгүрүшкөн.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 8-июнда саат 17:00 чамасында атчан чек ара кезмети Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн чабуулга кабылган. Ок атышуу учурунда тажик тараптан да жарадар жана каза тапкандар бар болгону айтылууда, бирок тажик бийлиги жоготуулар боюнча расмий маалымат бере элек.

Ал эми тажик ЖМКлары Тажикстандын УКМКсынын маалыматына таянып, ок атышуу төрт кыргыз чек арачы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн орун алганын жазышты. Тажик тарап эки кыргыз чек арачы жарадар болгон деп маалымдады.

«Кыргыз чек арачылары аскерий жана жарандык форманы кийип, куралчан болушкан. Алар Девашит районунан Кыргызстандын аймагына тогуз атты алып өтүүгө ниеттенишкен», — деп айтылат Тажикстандын УКМКсы тараткан маалыматта.

Такталбаган чек ара жана анын кесепетинен чыккан чырлар

Чек аранын такталбаганы кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдарда чыккан чырлардын башкы себеби болуп келет. Жаңжалдын чыгышына жер, суу талаш жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү негиз болот.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт — анын 519 чакырымы гана делимитация жана демаркациядан өткөн, калганы такталбаган бойдон турат. Өлкө башчысы Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусунун жыйынтыгы менен жумушчу тартибинде дагы 32 чакырым такталганы белгилүү болду.

Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы эң чоң жаңжал үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде башталып, 1-майга чейин созулган.

Алгач эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында бири-бирине таш ыргытышкан. Чырга тажик тарап «Головнойдогу» мамычаларга байкоочу камера орноткону себеп болгон. Кийинчерээк жаңжал ок атышууга айланган.

29-апрелде кырдаал оорлошуп, чыр куралдуу жаңжалга айланган. Кыргызстан жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрү ок атуу токтотулуп, аскерлер чыгарыла турганын маалымдаганы менен келишим бир нече жолу бузулган.

Ок атууну токтотуу келишими 1-майдагы сүйлөөшүлөрдүн жыйынтыгы менен гана жетилген. Ал эми 3-майда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү туруктуу жайгашкан жерлерине кайтарышкан.

Ошол эле күнү эки өлкөнүн бийлиги куралдуу жаңжалдын чыгышына бири-бирин айыптар, кылмыш иштери козголгонун билдиришкен. Ал эми Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракеттерин «аскерий агрессия» деп баалаган.

Тажикстандын аскерий кол салуусунун кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза болуп, 154ү жарадар болушкан. Ал эми тажик бийлиги 19 киши набыт болуп, 87 киши жарадар болгонун кабарлашкан.