Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 27 жаштагы сержант каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Кыргыз-тажик чек арасында 8-июлда орун алган ок атышуудан улам бир кыргызстандык жоокер каза болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы билдирди.

Ок атышуу Баткен облусунун Лейлек районундагы Наумина жана Чашмагильдан ашууларына жакын жерде болгон. Кыргызстандын атчан чек ара кезмети Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн чабуулга кабылганы кабарланууда.

«Тажик чек арачыларынын Кыргыз Республикасынын чек ара кезметине куралдуу кол салуусунан улам Кыргызстандын чек арачысы, 1994-жылы туулган сержант Хуснидин Хожиев каза тапты. Жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатат», — деп билдиришти мекемеден.

Чек ара кызматынын алдын ала маалыматына ылайык, тажик тараптан жарадар болгондор жана каза тапкандар да бар. Тажик бийлиги жоготуулар боюнча расмий маалымат бере элек.

Окуя болгон жерге Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев жана күч кызматтарынын башчылары барышкан. Учурда эки өлкнүн чек арачылары куралдуу жаңжалды териштирүүдө.

Ал эми тажик ЖМКлары Тажикстандын УКМКсынын маалыматына таянып, ок атышуу төрт кыргыз чек арачы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн орун алганын жазышты. Тажик тарап эки кыргыз чек арачы жарадар болгон деп маалымдады.

«Кыргыз чек арачылары аскерий жана жарандык форманы кийип, куралчан болушкан. Алар Девашит районунан Кыргызстандын аймагына тогуз атты алып өтүүгө ниеттенишкен», — деп айтылат Тажикстандын УКМКсы тараткан маалыматта.