Кадамжайда үч күндөн бери Пүшкөт жайлоосу өрттөнүп жатат

Өрттөнүп жаткан Пүшкөт жайлоосу. Сүрөт: ӨКМ

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагындагы Пүшкөт жайлоосу абанын ысык температурасынан улам үч күндөн бери өрттөнүп жатат. Өрттү 150гө жакын киши өчүрүүгө аракеттенүүдө.

Облустук администрациянын басма сөз катчысы Азатбек Курбанбековдун айтымында, 7-июль күнү аталган райондун Пүшкөт жайлоосунда арча, куураган чөптөр түтөп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине ӨКМдин өрт өчүрүү бөлүмүнөн 33 куткаруучу, Үч-Коргон токой чарбасынан 10 токойчу, жергиликтүүлөрдөн 20 киши тартылган. Ал эми 8-июлда аларга жалпы 90 киши кошумча күч катары кошулган.

Алардын баары өрттү учурда кол күч каражаттары менен өчүрүп жатат. Обладминистрациясын басма сөз катчысы муну жайлоого атайын техника чыга албасы менен түшүндүрдү.

Учурда жайлоонун болжолдуу үч гектар аянты өрттөндү.

ӨКМ буга чейин Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы 36-41 даражага чейин көтөрүлөөрүн кабарлаган.