«Клооптун» журналисттери Ош мэриясынын маңдайында жайгашкан №5278 шайлоо участогунун алдында унаада отурган кишилер шайлоочуну добушканага кирерден мурда сүрөткө тартып, ал шайлап чыккандан кийин ага акча бергенине күбө болушту.

Бирок акча бергендин өзү тасмага түшпөй калган. Анткен менен шайлоочу унаага отурганы жана акча берген аял капчыгын жаап жатканы видеого тартылган.

Журналисттер андан «колуңузда тизме турат, үгүтчүсүзбү» деп сураганда ал колундагы кагаздарды көрсөтүүдөн баш тартып, үгүтчү эмес экенин айткан.

«Эмнени көрөсүң? Жеке баштыгымдагы буюмдарды көрөсүңбү?!» — деп ачууланган ал.

Шек жараткан «байкоочу»

Ошол учурда сары түстөгү кофтачан кыз келип, акча берген аял менен сүйлөшүп шайлоо участогуна кирип кеткен. Журналисттердин бири кыздын артынан барып интервью алганга аракет кылганда ал добушканадагы байкоочулардын жанына барып отуруп алган.

Ал эми «Клооптун» оператору участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымынан байкоочу кыздын кайсы уюмдан экенин тактап жатканда, ал добушканадан чыгып кеткен.

Оператор анын артынан чыкканда ал «Ак кызмат» коомдук бирикмесинен байкоочу экенин гана айтып, башка суроолорго жооп бербей кетип калган. Ал арада өзүн «кыздын апасымын» деп тааныштырган аял операторго съемка жүргүзүүгө тоскоолдук кылган.

Аял сөгүнүп, «Клооптун» журналистине одоно мамиле жасаган. Ал өзүн шайлоочумун деп атаганы менен, өзүн үгүтчү сымал алып жүргөн. Анткени журналисттердин акчаны ким таратып жатканын билүүгө аракет жасаганы анын ачуусун келтирген. Аталган аял айласы кетип, журналисттерди коркутууга чейин барган.

«Менин кызымды эмне үчүн артынан кууп жатасың? [...] Сындырып коём азыр телефонуңду. Сени менен эртең сүйлөшөм, карап тургун!» — деп коркуткан ал.

«Ак кызмат», «Ата-Журт Кыргызстан» жана Ош мэриясы

Акча тараткан аял менен байланышы бар кыз «Ак кызмат» коомдук бирикмесинен байкоочу болгонун айткан эле. Аталган бирикме юстиция министрлигинин сайтында «Ак кызмат кыймылы» коомдук бирикмеси деп катталган.


Ал 2010-жылы негизделип, директору катары Сонунбек Жунусбаев көрсөтүлгөн. Жунусбаев — Ош шаардык кеңешке шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын баштап баратат. Талапкер өзү Ош мэриясына караштуу «Сулайман-Тоо» аймактык муниципалдык башкармалыгын жетектейт.



Эң кызыгы «Ата-Журт Кыргызстандын» талапкери жетектеген «Ак кызмат кыймылы» коомдук бирикмесинин дареги катары Ош мэриясынын имараты көрсөтүлгөн.


Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» бул коомдук бирикменин «мэрия менен такыр байланышы жок» деп билдирди. Ошондой эле ал бирикменин дареги катары мэрия көрсөтүлгөнүнөн кабары жоктугун айтып, мэриянын имаратына коомдук бирикмелерди каттоого мүмкүн эместигин айтты.

Мындан сырткары Абсаттаров калааны Мелис Мырзакматов жетектеп турганда ушул аталыштагы жаштардан куралган бирикме болгонун кошумчалады.

Жунусбаев жана №5278 участогу

Мэрияда иштеп турган мезгилде Жунусбаев жергиликтүү кеңешке шайлоого бир нече жолу катышкан. Алгач ал пандемиядан улам өтпөй калган Ош шаардык кеңешине шайлоого бийликчил делген «Биримдик» партиясынан талапкер болгон.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун алдында Жунусбаев башка муниципалдык кызматкерлер менен кошо «Биримдиктин» штабында жүргөн.

Ал эми 11-апрелде өтүп жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо партиясын алмаштырып, «Ата-Журт Кыргызстан» менен катышкан.

«Ата-Журт Кыргызстан» да коомчулукта бийликчил деп айтылат — аны УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштырышат. Ошондой эле Ош шаардык кеңешине аттанган бул партиянын курамынын көпчүлүк бөлүгүн муниципалдык кызматкерлер жана жетекчилер түзөт.


Жунусбаев парламенттик шайлоодо да, жергиликтүү кеңешке шайлоодо да мэриянын маңдайындагы №5278 шайлоо участогунда көп байкалат. Ал эми аталган участокто ар бир шайлоодо шайлоочуларды тизмеден белгилөө, аларга белгиленген беткап таратуу сыяктуу мыйзам бузуулар көп катталат.


Тема боюнча: Ошто «шайлоочуларды ийне менен белгилеп» жатышат

Ош: №5278 добушканасына шайлоочулар белгиси бар беткап менен келишти

Бул маселе боюнча Жунусбаевдин өзүнөн комментарий алуу үчүн байланышканыбызда ал «15 мүнөттөн кийин чалгыла» деп, кийинки чалууларыбызга жооп берген жок.