«Ата-Журт Кыргызстан» Ташиевдин жана бийликтин партиясы деген маалымат тарады

Болот Баетов. Фейсбукка тараган аудиодон жасалган скриншот

Соцтармактарда 4-март күнү өзүн Болот Баетов деп тааныштырган кишинин үн жазуусу тарады. Анда ал «Митал» аттуу кишиге «иштерди баштайлы» деп телефон чалган. Ошондой эле, өзү «Ташиевдин командасында» экенин билдирген.

«Ишти баштайлыбы? Биз жакта элесиз да? Ал жерди эч кимге бербейбиз аке, ээ... Билесиз да мен кайсыл жактан кетип жатканымды? Ташиевдин командасындамын. Бийликтин», — деген ал телефон сүйлөшүүдө.

Аудио «Оштун Жаштары» аттуу баракчага жүктөлгөн. Автор «“Ата-Журт Кыргызстан” өздөрүн бийликтин, тагыраагы Ташиевдин партиясыбыз деп ачык айтып жатышат» деп жазган. Мындан сырткары партиядагылар өзбек улутундагы жарандарды «коркута баштаганы» айтылган.

«Кээ бир кишилер ушул партиянын өкүлдөрү экенин айтышып өзбек жарандарын партияга иштеп берүүгө, добуш топтоого жана керек болсо добуш сатып алууга мажбурлап жатышат», — деп жазылат аудиого коштолгон текстте.

Болот Баетов — юрист, ал Ош шаардык кеңешине өтчү шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 29-болуп баратат. Баетов өзү «Азаттык» үналгысына курган маегинде аудиону монтаж жана каралоо деп сыпаттаган.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан шаардык кеңешке талапкерлердин арасында жаңы эле дайындалган биринчи вице-мэр Замир Юсупов, «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Нурбек Исмаилов, «Ош көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Нурсултан Шакир уулу да бар. Партияны «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Сонунбек Жунубаев баштап баратат. Төртөө тең буга чейин бийликчил делген «Биримдик» партиясынан жергиликтүү кеңешке талапкер болушкан. Бирок шайлоо пандемиядан улам жылган болчу.

Ош ШИИБден аталган аудио боюнча кайрылуу келип түшө электигин айтышты. Эгерде арыз жазылса Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш ачылат дешти.

Материал чыгаар алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы жана админресурс

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү деген маалыматтар тараган. Ал эми Юстиция министрлигинин сайтында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн.

Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган. Ал эми Ташиев өзү 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келген. Ага чейин ал парламентте 2005-2007-жылы депутат болгон.

Ошондой эле, Маткеримов 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган. Камчыбек Ташиев болсо шайлоодо «Мекенчил» партиясын баштап барган.

Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койду.

Мындан сырткары Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов блогер Адыл Акжол уулуна берген маегинде Камчыбек Ташиевдин атын жамынып шайлоого катышып жаткандар бар деп билдирген. Ал ошол эле учурда «Кыргызстандын тарыхында атайын кызматтын башында турган адам партия түзгөн эмес» деп айткан.

Мырзакматов түптөгөн «Улуттар Биримдиги» партиясы да Ош шаардык кеңешине ат салышып жатат.

15-мартта Ош шаарында партиялардын жыйыны өткөн. Анда төрт партия — «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу журт», «Бир бол», «Улуттар Биримдиги» — «Ата-Журт Кыргызстанды» калаада админресурс колдонуп, атаандаштарына кысым көрсөтүп жатат деп айыптаган. Мындан улам алар аталган партия менен шайлоону тынч өткөрүү, ыплас жана мыйзамсыз иштерге жол бербөө боюнча меморандумга кол коюудан баш тартышкан.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов партиялардын даттануулары боюнча тийиштүү органдар текшерүү жүргүзөрүн айткан.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал эми Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышып жатат.

Тема боюнча: Ошто төрт партия «Ата-Журт Кыргызстанды» админресурс колдонууга айыптады

Тема боюнча: Жалал-Абад: Ташиевдин уулу «Ата-Журт Кыргызстандан» шаардык кеңешке талапкерлигин койду