COVID-19га каршы элдин 1,5%ы гана эмделди, аны тездетүү керек — министрлер кабинети

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы Жылдыз Бакашова БУУнун түзүмдөрүнүн Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелло менен жолугушту.

Жолугушууга БУУнун түзүмдөрүнүн башка өкүлдөрү дагы катышты — ДССУ, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ЮНИСЕФ жана БУУнун Аялдар түзүмү.

Жолугушууда Бакашова өлкөдө эпидемиологиялык абал оор болуп атканын билдирип, элди эмдөөдөн өткөрүү темпин ылдамдатуу керектигин белгиледи.

«Өлкөдөгү эмдөөгө муктаж болгон жарандардын саны 3,2 млн кишиге барабар. Анын ичиненен артыкчылыкка ээ болгондор 2,6 млн адам. Ага ылайык, бизге 6,4 млн доза вакцина же эң аз дегенде 5,2 млн доза керектелет. Коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы туруу жаатында, өнөктөштөр менен, айрыкча вакциналар маселесин жана саламаттык сактоо тутумун колдоодо аракеттерди натыйжалуу координациялоо Кыргызстан үчүн эң маанилүү», — деди ал.

Бакашова электрондук саламаттык сактоо системасын киргизүүнүн, дары каражаттары жана медициналык каражаттар боюнча улуттук маалымат базасын, ошондой эле коронавируска кабылган жарандардын бирдиктүү реестрин түзүүнүн маанилүүлүгүн дагы белгиледи. Андан тышкары, Бакашованын айтымында, 118 кызматынын ишин колдоо керек.

Ожиелло өз кезегинде пандемиянын азыркы толкунуна каршы аракет көрүү үчүн өлкөнүн элин эмдөөдөн өткөрүү керектигин жана коом эпидемияга каршы чараларды сакташы зарылдыгын баса белгиледи.

«Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, COVID-19га каршы эмделген калктын 70%га чукулу пандемиядан кийин өлкөнүн туруктуулугу менен экономикасын тез эле калыбына келтиришкен», — деди ал.

БУУнун тузүмдөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти. Мындан тышкары, жолугушуунун жыйынтыгында тараптар БУУнун түзүмдөрү чукул арада Кыргызстанда пандемияга каршы күрөшүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтөт деген макулдашууга жетишти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 25 июнга карата Кыргызстанда 6,6 млн адамдын ичинен 102 миңден ашууну эмделген. Ага ылайык, вакцинаны калктын 1,5% алган.

Кыргызстандагы COVID-19дун үчүнчү толкуну

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын 15-июнда билдирген. Ал арада эл арасында COVID-19 жуктургандардын саны кескин өсүп, саламаттык сактоо министрлиги күнүнө 500дөн ашык адам илдетке кабылып жатканын айтууда.

Республикалык ыкчам штабдын 25-июнга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун жаңы 875 учуру катталып, алты адам каза тапты. Каза болгондордун бешөө Бишкекте, бирөө Чүй облусунда — алар ооруканада дарыланып жатышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, коронавирустан улам абал начарлап, өмүрү менен кош айтышкандардын саны 1 964кө жеткен.

COVID-19 жуктургандардын саны күн санап өсүп жатканына байланыштуу бийлик кыргызстандыктарды эпидемиологиялык кырдаал курчуган аймактарга баруудан карманып турууну сунуш кылат. Ошондой эле жарандарга адамдар көп чогулган жерлерди айланып өтүп, санитардык нормаларды сактоого чакырышкан.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Жылдыз Бакашова 23-июнда жыйын өткөрдү.

Жыйында Бакашова мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүүнү тапшырды. Ошондой эле ал, саламаттык сактоо системасы «бейтаптардын саны мындан дагы көп болушуна» даяр болушу керектигин билдирди.

Мындан тышкары, ал Саламаттык сактоо министрлигине «коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн тийиштүү медициналык жабдуусу каралган кошумча керебеттерди жайгаштыруу жана көбөйтүү боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну» тапшырган.

Тема боюнча: Республикалык штаб маморгандарга COVID-19га каршы ишти күчөтүүнү тапшырды