ИИМ башчысы: Ар бир милиция кызматкери эмдөө алышы керек

ИИМдин басма сөз кызматы мекеменин башчысы Улан Ниязбеков ИИМдин бөлүмдөрү менен Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин шайлоосуна байланыштуу коопсуздук чаралары боюнча онлайн-кеңешме өткөргөнүн билдирди.

Жыйында Ниязбеков шайлоочуларды сатып алууну жана административдик ресурсту колдонуу учурларын алдын алуу тапшырмасынан тышкары милиция кызматкерлерин коронавируска каршы эмдөө маселесин дагы көтөрдү.

ИИМдин башчысынын айтымында, укук коргоо орган кызматкерлеринин арасында эмдөө жүргүзүп, санитардык эрежелердин камсыздалышына байкоо салуу керек.

«Азыркы учурда мындан ары коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштерин үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн баарыбыз биргеликте илдетти толук түрдө көзөмөлгө алып, элибизди толук сактаганга колубуздан келген бардык аракеттерди көрөлү. Ал үчүн ар бир кызматкер өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн саламаттыгына кайдыгер карабай эмдөөдөн өтүп, жүктөлгөн иштерди так аткаруусу зарыл», — деди Ниязбеков.

Кыргызстанда эмдөө кампаниясы 2021-жылдын апрелинде башталган. Ошол эле кезде бийлик коронавирустун үчүнчү толкунунун шартында өлкөдө эмдөө кампаниясы начар болуп атканын бир нече жолу билдирген.

Тема боюнча: Вакцина алуу менен коронавирустун жайылышын кантип токтотсо болот? Түшүндүрөбүз

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 5-июлга карата вакцинанын биринчи дозасын 121 601 адам алган, булардын ичинен 81 174 адам экинчи дозаны сайдырган.

Мунун шартында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медкызматкерлерди жапырт эмдөөдөн өткөрүү тууралуу буйрук берген. Ошол эле учурда эмделүүдөн барт тарткандарга карата кандай санкциялар колдонуулары документте айтылган эмес.

Буга чейин экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди мажбурлоо жолу менен эмдөөдөн өткөрүүнү сунуштаган. Анын идеясы боюнча, COVID-19 дартына каршы вакцина албаган мамкызматкерлердин айлык акысын тоңдуруп коюуга болот.

Ал арада Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова 5-июлда Sinopharm кытай вакцинасы өлкөгө 10-июлга чейин алынып келинээрин билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан өлкөгө Sinopharm’дын 1 млн 250 миң дозасы алынып келинет, анын ичинен 1 млн 100 миң доза республикалык бюджеттин эсебинен алынган, калган 150 миң доза — гумжардам.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 132 070 учуру катталган. COVID-19 илдетинен улам саламаттыгы начарлап, 2 046 адам көз жумган.