Жалал-Абад: УКМКнын кызматкерлерине 205 батирлүү үй курула баштады

Жалал-Абад шаарында УКМКнын кызматкерлери үчүн 205 батирден турган кызматтык үй курула баштады. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 11-июлда курулушка капсула салды.

Ташиевдин айтымында, үй 7 блоктон жана 205 батирден турат. Ал 2022-жылдын аягына чейин толугу менен курулуп колдонууга берилиши күтүлүүдө. Мындан сырткары үй чек арачыларга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да берилет.

УКМКнын төрагасы үй бюджеттен каражат алынбай шериктеш мамлекеттин жардамы менен курулууда деп билдирди. Бирок ал өнөктөштөр так ким экенин ачык айткан жок.

2-июнда Ташиев атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы үчүн курулуп жаткан жаңы имаратка да капсула салган.

Аталган имарат Жалал-Абад шаарынын түндүк-батышында жайгашып, 1,4 гектарды ээлейт. Ошондой эле үч кабаттан болуп, эки блоктон турат.

Биринчи блок административдик имарат болуп, анда жетекчинин, анын орун басарынын жана кызматкерлердин 77 бөлмөсү жайгашат. Ошондой эле санузелдер, курал-жарак сактоочу жай, кампа жана архив болот. Ал эми экинчи блокто жыйындар залы, ашкана жана жарандарды кабыл алуучу имарат жайгашат.

Мындан сырткары, «Альфа» бөлүмү үчүн имарат, тир, дагы бир курал жарак сактоочу жай, машыгуучу жай, бильярд, душ, кампа, тергөө бөлүмү үчүн бөлмөлөр, ТИЗО, кампа жана унаа токтотуучу жай курулат.

УКМКнын башчысы мекеменин жаңы имараты «100 млн сомго — демөөрчү берген каражатка курулат» деп айткан. Ал башкы куруучуга курулушту 1-декабрга чейин бүтүрүү тапшырмасын берген.