Токиодогу Олимпиада оюндарына 16 кыргыз спортчусу барат

Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын финалдык тизмесине 16 спортчу кирди. Алар Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында спорттун 7 түрү боюнча таймашат.

Олимпиадалык кураманын тизмесинде балбандардын саны көп — 9 спортчу.

Грек-рим күрөшү

  • Жоламан Шаршенбеков — 60 кг чейин;
  • Акжол Махмудов — 77 кг чейин;
  • Атабек Азисбеков — 87 кг чейин;
  • Үзүр Жусупбеков — 97 кг чейин.

Эркин күрөш, эркектер

  • Эрназар Акматалиев — 65 кг чейин;
  • Айаал Лазарев — 125 кг чейин;

Эркин күрөш, аялдар

  • Айсулуу Тыныбекова — 62 кг чейин;
  • Мээрим Жуманазарова — 68 кг чейин;
  • Айпери Медет кызы — 76 кг чейин.

Жеңил атлетика

  • Дарья Маслова, марафон
  • Нурсултан Кеңешбеков, 5000 метр

Андан тышкары Олимпиада оюндарында фехтование боюнча Роман Петров, суучул Денис Петрашов, дзюдочу Владимир Золоев, оор атлетчи Бакдөөлөт Расылбеков жана ок атуучу Каныкей Кубанычбекова катышат.

Ал эми жөө күлүктөр Юлия Андреева менен Мария Коробицкая Токио Олимпиадасына катыша албай калды. Андреева Олимпиадага баруудан баш тартты, ал эми Коробицкая нормативди аткарбагандыктан мелдештен четтетилген.

Токиодогу жайкы олимпиада оюндары 2020-жылы жайында өтүшү керек эле, бирок Эл аралык олимпиада комитети коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырган. Ошентип Токио Олимпиадасы 23-июлдан 8-августка чейин өтүүгө тийиш.