Видео: Сузакта ала качууга туш болуп, зордукталганын айткан кыз акыйкат издейт

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Барпы айылында уурдалып, зордукталганын айткан 17 жашар кыз жана анын апасы коомчулукка видеокайрылуу жасады. Алар кызды уурдаган адам эркиндикте жүргөнүн айтышып, милиция жана сотторго нааразы болушууда.

«Менин жашы жете элек кызымды ушинтип зордук-зомбулук менен алып кеткен кишинин ишин соттор жакшы карабай, баланы төрт жылга [шартуу кесип] эркиндикке чыгарып жиберди балдарым», — деди апасы.

Кыздын айтымында, окуя 23-апрелден 24-апрелге караган түнү саат 3 жарымда орун алган. Ал Орозодо ооз бекитүү үчүн тамак-аш алууга чыкканда, аны ала качып кетишкен.

«Чыкканда эле колумдан бирөө сүдүрөп, дароо эле бычак такап, уруп алып кетти. Башында биринчи сени, андан кийин өзүмдү өлтүрөм деп коркутту... Мени Ноокат районуна алып барды. Баланы камап, жазасын беришсин. Жаза колдонбосоңор мен өз өмүрүмдү кыюуга даярмын», — дейт жабырлануучу.

Ала качуу боюнча иш сотко өткөн

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев аталган кызды ала качуу, андан кийин зордуктоо боюнча факт катталганын тастыктады.

Анын айтымында, кыз өз арызында 17 жаштагы бала аны ала качып баратып Өзгөн районунда зордуктап, кийин Ноокат районуна алып барганын жазган.

Мындан улам «Зордуктоо» фактысы Өзгөн РИИБге өткөрүлүп, ала качуу боюнча иш Сузакта РИИБи тарабынан тергелип райондук сотко өткөн.

«Милиция ишти объективдүү, толук кандуу тергеп, шектүү баланы камакка алып, май айынын аягында ишти соттук кароого жиберген», — деди ал.

Кызды ала качуу боюнча Сузак райондук сотунун өкүмү тууралуу маалымат алуу үчүн Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматовдон интервью алууга мүмкүн болгон жок. Ал «Клооптун» журналистине семинарда жүргөнүн айтып, кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

«Зордуктоо» боюнча иш кыскарган

Ал эми Ош ОИИБдин басма сөз кызматкери Нур-Пери Абдуллаева кайрылуу жасаган кыздын зордуктоо боюнча иши 13-майда Өзгөн РИИБге өткөрүлгөнүн ырастады.

Анын айтымында, кызга зордукталганы боюнча экспертиза Жалал-Абад облусунда жасалган. Бирок анда зордукталганы далилденген эмес. Басма сөз катчы буга «кыздын экспертизага кийимдерин алмаштырып, жуунуп-таранып келгени себеп болгон» дейт.

Мындан улам Өзгөн РИИБи «далилдер жетишсиз» деп ишти кыскартып салган.

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде 27 жаштагы Айзада Канатбекованын окуясы коомчулуктун үрүйүн учуруп, чоң резонанс жараткан. Аны Замирбек Теңизбаев аттуу киши алгач уурдап,зордуктап, андан соң өлтүргөн.

Өлүм менен аяктаган ала качуу өлкөдө үч жыл мурун да орун алган — анда 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын өмүрү так эле милиция бөлүмүндө кыйылган.

Айзаданын өлүмүнөн кийин «Клооптун» журналисттери ачык булактардагы расмий маалыматтарды анализдеп, «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси (175-берене) дээрлик иштебейт деген жыйынтыкка келишкен.

Мисалы 2020-жылы аталган берене боюнча катталган 210 иштин 11 гана сотко өтүп, калганы кыскарып кеткен. Ал эми 2016-2020-жылы сотко жеткен иштерде 43 шектүүнүн 9у гана абак жазасына тартылган.


Кененирээк: Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи