Ноокат: Кыргызстанда алгачкы социалдык дарыкана ачылды

Сүрөт: «Турмуш»

Ош облусунун Ноокат районунда 16-июлда алгачкы социалдык дарыкана ачылды — ал жерде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген тургундар дары-дармектерди арзан баада сатып ала алышат. Бул тууралуу аймактык ооруканадан Turmush басылмасына билдиришти.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 1 миң жаранга дары-дармектер 25 пайыздык арзандатуу менен берилет. Дагы 2 800 мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга 15 пайыз, ал эми Ноокат районунун тургундарына 10 пайыздык арзантатуу менен берилет», — деп билдиришти Ноокат аймактын ооруканасынан.

Ошондой эле жакынкы арада социалдык дарыканалар Кара-Суу районунда жана Жалал-Абад шаарында ачылат.

Кыргызстандагы социалдык дарыканалар

Кыргызстанда социалдык дарыканаларды ачуу маселеси биринчи жолу 2020-жылдын ноябрь айында талкууланган. Анда «SOS» кайрымдуулук уюмунун негиздөөчүсү Бекжан Маликов алгачкы социалдык дарыкана Бишкектеги Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттик жатаканасынын базасында жайгашкан «Дем» стационардында ачыла турганын билдирген.

Активисттин айтымында, мындай чечим COVID-19 пандемия учурунда кыргызстандыктарга дары-дармек жетишсиз болуп, дарылардын баалары жогорулап кеткендиктен кабыл алынган.

Үстүбуздөгү жылдын июль айында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде жакын арада социалдык дарыканалар мамлекеттин карамагында ачылаарын убадалаган.