Лейлекте аткез көмүр кармалды. Унаа Сүлүктү шаарынын башчысынын уулуна таандык

УКМКнын басма сөз кызматы Баткен облусунун Лейлек районундагы Кароол-Дөбө аймагында аткезчилик менен көмүр ташып бараткан эки кыргызстандык кармалганын билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, көмүр жүктөлгөн унаа Кыргызстандан Тажикстанды көздөй өткөрмө пунктунан тышкары бараткан.

«Чек ара кезметинин токтотуу талабына айдоочу баш ийбей, жолун улаган. Чек ара кезмети жүк унаасынын артына түшкөн. Чек арадан мыйзамсыз өтүү аракетине жол бербөө үчүн чек ара отряды курал колдонуп, эскертүү үчүн абага ок чыгарган», — деп билдиришти УКМКдан.

Андан соң жүктүү унаа капталга кулап, чек арачылар айдоочуну жана анын шеригин кармашкан. Иш боюнча териштирүү уланып жатат.

Kaktus.Media басылмасы чек арачылар тарабынан кармалган жүктүү унаа Сүлүктү шаарынын мэри Абдысамат Халбековдун уулуна таандык экенин билдирди. Аткаминер да муну тастыктаган.

«Кечээ, жакында эле уктум. Мага балдар айткандай, машинени айдап бараткан шопур балдар унааны биздин фирмадан ижарага алышкан экен. Биз бардыгын сураштырып, тактайбыз. Ал эми көмүрдү аз камсыздууларга таратабыз», — деп билдирген басылмага Халбеков.

Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкуловдун айтымында, район ИИБи аткезчилик фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады. Аким да фирма Халбековдун уулуна таандык экенин тастыктады.

Абдысамат Халбеков деген ким?

Абдысамат Халбеков — Сүлүктү шаарынын мэри, «Өнүгүү-Прогресс» коалициясынын талапкери. БШКнын маалыматына ылайык, аш шаар башчысы болуп 7-июнда шайланган. Халбековдун талапкерлигин Баткен шаардык кеңешинин 31 депутатынын ичинен 16сы колдогон.

Юстиция министрлигинин маалымат базасында, 2021-жылдын 19-июлуна карата маалымат боюнча, Халбеков күрөң көмүр (лигнит) казган «Алтын Кен плюс» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана директору болуп жүрөт. Учурда ал ишмердигин токтотуу баскычында турат.

Мындан тышкары, ал күрөң көмүр казган дагы бир «Ак Булак көмүр» компаниясынын директору жана негиздөөчүсү болуп эсептелет. Компания 2021-жылдын мартында кайра каттоодон өткөн.

Ошондой эле Халбеков — таш көмүр казган компаниянын тең түзүүчүлөрүнүн бири. Бул — «Табышкер» ЖЧКсы, анын башчысы — Алмазбек Базарбаев. Базарбаев КСДПнын Сүлүктү шаардык кеңешиндеги экс-депутаты.