Ысык-Көлдө жоголгон туристти издөөгө 100дөн ашык милиционер жана куткаруучу тартылды

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы 19-июлда билдиргендей, Алакөл жайлоосунда жоголгон 29 жаштагы казакстандык туристти издөөгө 100 милиция кызматкери жана ӨКМдин аймактык бөлүмдөрүнүн куткаруучулары тартылды. Турист кыз 15-июлда дайынсыз жоголгон.

Милициянын маалыматына ылайык, турист жоголгондон бери күч кызматкерлери менен куткаруучулар 20 чарчыдан ашык километр жерди текшеришкен. Издөө үч багыт боюнча жүргүзүлгөн: тоо этегиндеги дайранын жээги, токой жана тоо аймактары.

Казакстандын К.В. аттуу жараны 15-июлда жоголгон. Ал Алакөл жайлоосуна үй-бүлөсү менен бирге келген.

Сүрөт: «Кабар», дайынсыз жоголгон казакстандык В.К.

«15-июлда саат 18:00дө кызы В.К. сүрөт тартып алыш үчүн атасынан мобилдик телефон сураган. Бул убакта ата-энеси отун тергени кетишкен, кыз болсо чоң дайра аркылуу өткөн колго жасалган көпүрөнүн жанында калган. Ата-энеси кайтып келип, кызын таппай калышкан», — деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБнен.

Кыздын ата-энесинин айтымында, ал саргыч түстөгү куртка, кара спорт шымын жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Аталган факт Ак-Суу РИИБнин КЖБРне каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.