«Көмүр өткөрбөйбүз». Жумгал районунун тургундары кайрадан митингге чыгышты

Нарын облусунун Жумгал районунун жергиликтүү тургундары 21-июлда төрт жылдан бери бүтпөй жаткан Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу бүтпөй жатканына нааразы болуп кайрадан митингге чыгышты.

Нааразычылык акциясына чыккан тургундар өкмөткө «бир жуманын ичинде жолдун курулушу башталсын» деген талапты коюп, эгер бул талап аткарылбаса анда «көмүр өткөрбөйбүз» деп билдиришти.

Митингге чыккан Баш-Кууганды айылдык кеңешинин төрагасы Калыбек Ажыгулов Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов келип «жолдун курулушун өз көзөмөлүмө алам» деп убада кылганы менен андан бери үч ай өтсө дагы башталбай турганына нааразы болду.

«Биз жол тосуп, нааразычылык акциясына чыксак эле улам бир министр келип, бүтүрүп беребиз деп убада кылып кетишет. Бирок иш жүзүндө анын бири дагы аткарылбай жатат. Биздин талап тендерди “Тендерди бир жуманын ичинде Жумгалдын ички жолун салып, иштеп жаткан Кытайдын фирмасына өткөрүп берсин” деген талапты коюп жатыбыз. Булар тендерин өткөрүп тандаганча дагы бир топ убакыт өтөт», — деди айыл тугуну.

Жергиликтүүлөрдүн көйгөйүн угуу үчүн жерине барган Транспорт жана коммуникациялар министри Гулмира Абдралиева тургундардын маселесин тез арада чечип берүүнү убадалады.

Абдралиева Эпкин — Баш-Кууганды жолунун абалы менен таанышкандан кийин бул долбоорду көзөмөлдөгөн Жумгалдагы Жол оңдоо башкармалыгынын жетекчисин жумуштан алганын айтты.

«Мен жолдун абалы менен таанышып чыктым. Учурда жол маселесин чечүү үчүн тендер өткөрүлгөн. Эң аз акча сунуштаган фирманы тандадык. Бирок аны элге азыр ачык айта албайбыз. Кийинчээрек маалымат берилет. Азыр убактылуу жолго суу сээп туруу үчүн кошумча техникаларды алып келели деп жатабыз», — деди ал.

Жумгал районунун тургундары буга чейин дагы үстүбүздөгү жылдын 19-июлунда жолдун курулушун эрте бүтүрүп берүүнү талап кылып толду тосушкан. Анда акциянын катышуучулары менен райондун акими Жамшит Матанбаев, анын орун басары Бакыт Женалиев, УКМКнын Жумгал району боюнча башкармалыгынын жетекчиси жана милиция кызматкерлери жолугушкан.

Матанбаев чогулгандарга таркап кетүүнү сунуштап, акцияны Курман айттан кийин улантууга үндөгөн.

«Кудайдын улуу күнүн, айтты өткөрүп жиберели. Анан чогулуп тосо бергиле. Мен да ушул жерге келем. Жогору жактан да кишилер келишет», — деген ал.

Түндүк — Түштүк жолу тууралуу эмне белгилүү?

Бул жол Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен 2009-жылы курула баштаган, ишти Италиянын Todini Costruzioni Generali Company компаниясы жүргүзүп жаткан.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, 2019 жана 2020-жылдагы толук эки курулуш сезондо жалданмачы иштин 9,5% гана аткарган. Келишимдик мөөнөттүн 69%ы сарпталганы менен жер иштери дагы бүтпөй калган.

2020-жылдын декабрь айнынын башында өкмөт компания менен түзгөн келишимди бир тараптуу бузган. Буга тендерде коррупциялык схема аныкталганы себеп болгон.

«2018-жылы коррупциялык схеманын бети ачылып, 2020-жылдын октябрында соттун чечими чыккан. Анын негизинде биз келишимди жокко чыгардык. 1-декабрдан баштап Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы тендер жарыялоого документтерди даярдадык. Учурда бардык документтер банкка жөнөтүлдү. Алардан уруксат аларыбыз менен жаңы тендер жарыялайбыз», — деп түшүндүргөн Талант Солтобаев март айында.

Транспорт министрлиги жаңы жалданмачы тандалып, июнь-июль айларында ишке киришет деп белгилеген.