«Боз үй тиккенге даярбыз». Жумгалдыктар кайрадан Түндүк-Түштүк жолун тосушту

Нарын облусунун Жумгал районунда жергиликтүү тургундар кайрадан жолду тосушту. Алар 2018-жылдан бери бүтпөй жаткан Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу токтоп калганына нааразы. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, акциянын катышуучулары менен райондун акими Жамшит Матанбаев, анын орун басары Бакыт Женалиев, УКМКнын Жумгал району боюнча башкармалыгынын жетекчиси жана милиция кызматкерлери жолугушту.

Матанбаев чогулгандарга таркап кетүүнү сунуштап, акцияны Курман айттан кийин улантууга үндөдү.

«Кудайдын улуу күнүн, айтты өткөрүп жиберели. Анан чогулуп тосо бергиле. Мен да ушул жерге келем. Жогору жактан да кишилер келишет», — деди ал.

*20-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленет. Бул күн дем алыш күн деп жарыяланган.

Натыйжада, чогулгандар акцияны 21-июлда улантууну чечишти. Ал эми Эпкин айылынын тургуну Асыл Тургуналиева айылдыктар жолдун курулуп бүтүшүн күтүп чарчаганын билдирди.

«Бул жол менен жүргөнгө болбойт. Тендер эмне болду?! Өкмөттүн өкүлдөрү, транспорт министрлигинин өкүлдөрү келишсин, жолдун азыркы абалын көрүшсүн. Биз акимдин сөзүн угуп, акцияны 21-июлга жылдырууга макул болдук. Бирок боз үй тигип, жолду жапканы даярданып жатабыз», — деди ал.

Жумгал районунун тургундары март айында дагы жолду тороп чыгышкан. Анда алар ары-бери өткөн оор жүк унааларынын айынан айылдыы чаң басып жатканын айтып арызданышкан — анда трасса оңдоп-түзөлүп, бирок асфальт төшөлө элек болчу.

Сүрөт: Turmush.

Анда акцияга Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү, өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жана райондун акими Залкар Бозбалаев катышып кеткен.

Бийлик жолдун бул кесилиши 2021-жылдын июнь айында башталат деп убада берип кеткен. Бирок жергиликтүү калк дагы деле чаңда келет.

Түндүк — Түштүк жолу тууралуу эмне белгилүү?

Бул жол Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен 2009-жылы курула баштаган, ишти Италиянын Todini Costruzioni Generali Company компаниясы жүргүзүп жаткан.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, 2019 жана 2020-жылдагы толук эки курулуш сезондо жалданмачы иштин 9,5% гана аткарган. Келишимдик мөөнөттүн 69%ы сарпталганы менен жер иштери дагы бүтпөй калган.

2020-жылдын декабрь айнынын башында өкмөт компания менен түзгөн келишимди бир тараптуу бузган. Буга тендерде коррупциялык схема аныкталганы себеп болгон..

«2018-жылы коррупциялык схеманын бети ачылып, 2020-жылдын октябрында соттун чечими чыккан. Анын негизинде биз келишимди жокко чыгардык. 1-декабрдан баштап Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы тендер жарыялоого документтерди даярдадык. Учурда бардык документтер банкка жөнөтүлдү. Алардан уруксат аларыбыз менен жаңы тендер жарыялайбыз», — деп түшүндүргөн Талант Солтобаев март айында.

Транспорт министрлиги жаңы жалданмачы тандалып, июнь-июль айларында ишке киришет деп белгилеген.