Президент сунуштаган мыйзам долбоорунун экөөсү тең толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлдү

Парламенттин депутаттары 22-июлда жыйын учурунда президент Садыр Жапаров демилгелеген эки мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгууга жөнөтүүнү чечишти.

Кеп «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорлору тууралуу болууда.

Мыйзам долбоорлору эмне жөнүндө?

Эки мыйзам долбоорун тең өлкө башчысы Садыр Жапаров демилгелеген. «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорунда акимдерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу процессин оорлотуу сунушталган.

Документке ылайык, акимдерди президенттин макулдугу жана башкы прокурордун сунушу менен гана кылмыш жообуна тартууга уруксат берилген. Акимдик кызматтын өзү, документке ылайык, саясий кызмат болуп, аларга кол тийбестик берилмек.

«Аким өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин жана ээлеген кызматынан бошотулгандан кийин акимдин ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан мезгилде жасаган укукка каршы жосундары үчүн жазык жоопкерчилигине ушул беренеде каралгандан башка тартипте тартылышы мүмкүн эмес», — деп айтылган мыйзам долбоорунда.

Жапаров сунуштаган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» экинчи мыйзам долбоорунда Бишкек жана Ош шаардарынын мэрлерин дайындоо ыйгарым укугун министрлер кабинетинин башчысына берүү сунушталган.

Документке ылайык, министрлер кабинетинин башчысы* Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерин жергиликтүү шаардык кеңештин макулдугу менен дайындайт. Ал эми калган башка шаарларда калаа башчысын дайындоо укугун шаардык кеңештин макулдугу менен акимге берүү сунушталган.

*Аткаруудагы мыйзам боюнча, шаар мэрлерин шаардык кеңеш дайындайт. Мэрдин өзү аны шайлаган шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү бүткүчө дайындалат.

«Жергиликтүү кеңештин макулдугун алуу үчүн бир талапкер киргизилет. Жергиликтүү кеңеш 5 жумушчу күндүн ичинде сунушталган талапкерди кароого тийиш, анын жыйынтыгы боюнча киргизилген талапкердин бирине макулдук берет же аны четке кагат», — деп айтылат документте.

Эгерде көрсөтүлгөн беш күндүн ичинде талапкер каралбаган учурда, талапкер боюнча макулдук берилди деп эсептелет. Эгерде көрсөтүлгөн мезгилде талапкерди дайындоого макулдук берүүдөн баш тартылса, анда аким, министрлер кабинетинин төрагасы мэрди өз алдынча дайындайт.

Мыйзам долбоорунун экөөсү тең Жапаров 21-июлда эл өкүлдөрү менен мамрезиденцияда жолугушу өткөрдү деген маалыматтын шартында толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлдү.

Кийинчерээк президент менен депутаттар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону талкуулашканы белгилүү болгон. Ошол эле кезде жолугушуу болоору президенттин басма сөз кызматында да, парламенттин басма сөз борборунда да айтылган эмес.