Акыркы суткада СOVID-19 жуктурган 11 бейтап көз жумду

Республикалык штаб акыркы суткада Кыргызстанда СOVID-19 жуктурган он бир адам каза болгонун билдирди.

  • Бишкек — 6;
  • Талас облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 2;
  • Баткен облусу — 1.

Штабдын маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган 2 249 адам өмүрү менен кош айтышкан.

Ошондой эле, өлкөдө акыркы суткада СOVID-19 жуктуруунун 995 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек — 542;
  • Чүй облусу — 178;
  • Жалал-Абад облусу — 79;
  • Баткен облусу — 60;
  • Ысык-Көл облусу — 48;
  • Ош облусу — 29;
  • Талас облусу — 24;
  • Нарын облусу — 21;
  • Ош шаары — 14.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда СOVID-19 жуктуруунун 157 147 учуру катталган.

Штабдан билдиришкендей, сутка ичинде 1 688 адам айыгып ооруканадан чыкты. СOVID-19 пандемиясы башталгандан бери жалпы өлкө боюнча 135 132 бейтап коронавирус жана пневмониядан айыккан.

Акыркы суткада медиктер арасында 17 адам вирус жуктурган. Пандемия башталганы медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруунун 6 343 учуру катталып, алардын ичинен болгону 5 603 кызматкер айыккан.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 25-июлга карата СOVID-19 дартынан 4 180 адам ооруканада дарыланып жатат, анын ичинде 232 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда. Мындан тышкары, 14 312 адам үй шартында дарыланып жатат.

Ошондой эле, штабдын маалыматы боюнча эмдөө кампаниясы башталгандан бери вакцинанын биринчи дозасын 348 миңден ашуун адам сайдырган, анын ичинен 107 636 кыргызстандык экинчи дозаны алган.