Олимпиада — 2021. Денис Петрашов брасс стилинде 100 метрге сүзүү боюнча 27-орунду ээледи

Кыргыз суучулу Денис Петрашов 24-июлда Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 100 метр аралыкка брасс стилинде сүзүү боюнча 27-орунду ээледи.

Петрашов өз бөлүгүндө үчүнчү болуп келди. Ал 1 мүнөт 0.23 секунддук жыйынтыкты көрсөттү. Бул Кыргызстандын аталган аралыкта койгон жаңы рекорду.

Бирок, жарым финалга чыгуу үчүн бул жыйынтык жетишсиз болду.

Денис Петрашов Токио Олимпиадасына лицензия алган алгачкы кыргыз спортчусу. Ал 100 жана 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзмөк.

Ал буга чейин 2016-жылдагы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарына катышкан.

Петрашов — сууда сүзүү боюнча Азиянын 2017-2019-жылдардагы чемпиону. 2020-жылы январда Женевада өткөн CIG Challenge турниринде күмүш медалга ээ болгон.