Батыровдордун үй-бүлөсү маалымат жыйын куруп жаткан учурдан кадр. 

Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылындагы Жайылма жайлоосунда бир нече кишилер тарабынан сабалган тургундардын жакындары Ош шаарында маалымат жыйын курушту.

Анда алар президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокуратуранын жетекчиси Курманкул Зулушевге кайрылуу жасашып, ур-токмокко алган Кадыралиевдерге карата соттон «катаал жаза» берилишин талап кылышты.

Маалымат жыйынга келген Умсунай Молдобаеванын айтымында, анын балдары Илгиз Базарбек уулун жана Чыңгыз Батыровду Кадыралиевдердин балдары 18-июлга караган түнү ур-токмокко алган. Кадыралиевдер Базарбек уулун атка сүйрөтүп сабап, ал эми Батыровду башына балта менен чабышкан. Мындан улам алар оор жаракат алып, ооруканага түшүшкөн.

*Санжар Кадыралиев — «Ак-жол» фракциясынын депутаты болгон, ал 2009-жылдын 14-апрелинде Бишкекте Чуйков көчөсүндө 25 үйдүн астында көзгө атаардын колунан каза тапкан. Анын бир тууган карындашы Ыргал Кадыралиева 2011-жылы СДПК партиясынан депутат болуп жүргөн. Ал эми дагы бир Ош шаарынын мурдагы прокурору Канжар Кадыралиев аттуу инисине карата Башкы прокуратура 2014-жылы иш козгоп, күнөөлү деп тапкан.

Канжар Кадыралиевге Ош облусундагы жеке ишкерлердин арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Жабыр тарткандардын арасында куралдуу карактоого кабылганын, 27 жылкысын, кафесин, 3 гектар багын тарттырып ийгенин айткан алты ишкер бар.

«Кадыралиевдер айылдагылардын баарын коркутуп алышкан. Корккон үчүн мени ушул убака чейин эч ким сурап келген жок. Бул жака келерден мурун [маалымат жыйынга чейин — ред.] “жолдошум сени да жалгыз жүргөн убагында уруп, майып кылып кетишет, айтпа” деди. Бирок мен жашашымча жашадым, балдарым үчүн майып болсом болоюн, эки балам үчүн бутум жеткен жерге чейин барам, качан ошолор жазасын алганда тынч отурам. Мен эми кайтпайм дедим, керек болсо ООНго чейин барам», — дейт Молдобаева.

«Органда иштеген Орунбек Кадыралиев деген агасына ишенет»

Батыровдордун үй-бүлөсү ар жылы Жайылма жайлоосундагы үлүш жерине арпа жана буудай эгип күн көрүшөт. Ошондой эле, алар насыяга трактор алып, айылдын тургундарына кызмат көрсөтүшөт.

Умсунай Молдобаеванын айтымында, 18-июлда кечинде анын балдарын жана күйөө баласын жайлоодо чатырда жаткан жеринен Улан Кадыралиевдин уулдары Алтынбек жана Нурмухаммед (Мухаммед), Санжар Кадыралиевдин уулу Жоомарт келип «эч себепсиз» сабап кетишкен.

«Булар жалпы 15тей бала болушкан. Кызымды “сени да зордуктап кетебиз” деп муунтуп коркутушукан. Чыңгыз балам чыйрак болгон үчүн атка сүйрөткөндө мойнуна байланган жиптен эптеп чыгып кеткен. Илгизди болсо башына балта менен чаап, андан кийин 7-8 метрге чейин атка сүйрөтүп барган, күйөө баламды бешилик менен урган», — дейт Молдобаева.

Ошондой эле, көз жашын төккөн эне Кадыралиевдер анын балдарын «өлтүрөбүз» деген ой менен барышкан деген пикирде. Анткени алар буга чейин да «Кадыралиевдерге каршы сүйлөгөндөрдү сабаган учурлар болгон». Бирок айылдагы тургундар «корккондуктан» арыздана албай келишет.

«Бардык облустардан телефон менен чалып окуяны сурап чыгышты. Бирок бир гана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнөн сурашкан жок, анткени сураган күнү алардын да балдарын уруп кетишет, же атка сүйрөтүшөт. Сүйрөтүп өлтүрүп коюшса да ошону коркуп айта алышпай “аттан жыгылып өлдү” деп коюшат. Кадыралиевдер органда иштеген Орунбек деген агасы бар, депутат болом деп жүргөн Ыргал деген бир тууганы бар ошолорго ишенет», — деп кейиди эне.

«Кадыралиевдер басмачы болуп алышкан»

Маалымат жыйынга келген сабалган балдардын эжеси Жамила Батырова «Кадыралиевдер басмачы эле болуп алды» дейт.

«Санжардын артынан карындашы Ыргал Кадыралиева да депутат болгон. Ыргал депутат болуп келген күндөн баштап агасына карама-каршы иштерди жасап келе жатат. Элдин үнүн укпай, кайра элди тебелеп атат. Бардык айылдыктарды булар депутат болуп коркутуп, басмачы болуп алышкан, баары коркуп көтөрүлүп чыга албай отурушат. Ыргал депутаттыгынан пайдаланып, “Ыдырыс Исаковду видеону өчүрүп кой” дептир, ушул туурабы? Ушул депутаттын сөзүбү? Кармышактын балдары басмачы эле болуп калды», — дейт Батырова.

Мындан сырткары, Базарбек Батыров ур-токмокко алган Кадыралиевдер Бишкек шаарындагы УКМКда сурак бериши керек дейт. Анткени ал Өзгөн районундагы жана Оштогу милицияларды Кадыралиевдер «басып коюп, пара берип, жазага тартылбай калышы мүмкүн» деп кооптонот.

«Мага 19-июлда тергөөчү шорта менен слансы кийген участковыйды жөнөтүптүр “ошол балдардын абалын билип кел” деп. “Күбөлүк кана” десем, “үйдө” дейт, демек “сен разведкага келгенсиң” дедим. Бир күндөн кийин милициянын начальниги [Өзгөн РИИБинин начальниги — ред.] барыптыр. Демек ал биз жокто разведкага келиптир, менин жеке пикиримде ал да Кадыралиевдер жакта. Себеби мен ишти тергеп жаткан тергөөчүгө номеримди бергенмин, ал чалат болчу. Демек ал да акча алып алган. Болбосо ал барбай эле кызматкерлерге баарын тыкыр карагыла деп тапшырса болмок», — дейт Батыров.

Батыровдун бир тууганы Сүйүнбай Батыров да Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жашайт. Анын уулун 2019-жылы 21 бала сабап кеткен. Анын айтымында, алардын арасында Кадыралиевдер болгон. Мындан улам азыркы убакта уулунун көзү жакшы көрбөй калган.

Сүйүнбай Батыров алгач Өзгөн РИИБисине, кийин Ош облустук милициясына, алтургай Аймактар аралык башкармалыкка да кайрылгандыгын айтып кейиди.

«Анан менин айлам кетти, каяка берсем эле Кадыралиевдер ошол органды басып коюп атышты. Сот менин ишимди 6 ай жылдырып жүрдү, ар түрдүү себептер менен. Кадыралиевдер үйүмө ар кимди элчи кылып жөнөтө беришкенинен уулумдун оперцияларын төлөп беришсин деп койгом. Андан кийин Ыргал айтып жүрүптүр “бизди 1 млн акча алып алган” деп, “булар акча алып үйрөнүп калышкан” деп. Ушул да депутаттын сөзүбү?» — дейт Батыров.

Мындан сырткары, маалымат жыйынга Кызыл-Октябрь айылынын жашоочуларынын бири Гүлгүнай Исмаилова да келген. Ал өзүн «тургундардын атынан келдим» деп белгиледи. Исмаилова да бийлик өкүлдөрүнө «Кадыралиевдер жаза алышын суранабыз» деп кайрылды.

«Биз карапайым дыйканбыз. Талаага, арпа буудай сээп тиргилик кылабыз. Жайлоого арпа, буудай эгип койсок, Кадыралиевдердин малдары эгинибизди тебелеп, жеп кетишет. Айтсак келип балдарды сөгүп урат. Эгер айтса Илгиз менен Чыңгыздын кейпин кийип калабыз деп унчуга алышпайт. Булар кийинки балдарды өлтүрүп коюшу мүмкүн. Бээлери бар, үйүр-үйүр жылкылары бар [...] Мал кылышса кыла берсин, бирок элдин эгиндерине тийбесин. Биздин суранарыбыз ошол», — дейт Исмаилова.

Кадыралиевдер эмне дейт?

Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева 24-июлда фейсбук баракчасына «биз унчукпай турсак чындап уруп салыптыр деп ойлобогула, биз инилеримдин майып болуп калбашы үчүн күрөшүп жатабыз» деп билдирүү жазган. Анын айтымында, Кадыралиевдерди да Батыровдор «балта менен чаап, мылтык такап, өлтүрөм» деп коркуткан.

«Инилеримдин баштарын тиктирдик. Сүрөттөрдү фейсбука коёлу десек, өтө чоң жарааттарды фуйсбук кабыл албай жатат. “Милиция обыск учурунда мылтык, балта баарын тигил тараптан тапты” деп адвокат айтты. Милиция калыс карасын. Аларды да камакка алсын. Урушту баштап, жашы жете элек балага мылтык такаган күйөө баласы качып кетиптир», — деп жазган Кадыралиева.

Учурда Кадыралиевден Өзгөн райондук ооруканасында дарыланып жатат.

Милиция эмне дейт?

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Базарбек Батыровдун берген арызынын негизинде «Ээнбаштык» беренеси менен 19-июлда сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Ошондой эле, милицияга ошол күнү Кадыралиевдер да арыз жазган.

26-октябрда милициядан Батыровдорго дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандыгын кабарлады. Экспертизанын корутундуларына ылайык Илгиз Базарбек уулу жана Чынгыз Батыров «денелеринен оор жаракат» алышкан.

Ал эми «Ээнбаштык» беренеси «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренесине квалификацияланган.

Мындан сырткары, Өзгөн райондук соту Кадыралиевдердин бөгөт чарасын карап, аларды камакка алуу чечимин чыгарган. Милиция аларды ооруканада кайтарууда.

Дагы окуңуз:

«Басмачы эле болуп алышты». Кадыралиевдерден жабыркагандар акыйкат издейт