Сот Оштун экс-прокурору Кадыралиевди күнөөлүү деп таап, бирок жаза өтөөдөн бошотту

Сүрөт: "Азаттык"

Ош шаарынын мурдагы прокурору Канжар Кадыралиевге Бишкектин Октябрь райондук соту 17-июнда өкүм чыгарды. Ага ылайык, Кадыралиев «Бейбаштык», «Опузалоо» жана «Өзүм билемдик» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткендигине байланыштуу ал жаза өтөөдөн бошотулуп, сот аны компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. Ишкерлер өкүмдү Бишкек шаардык сотуна даттанышаарын билдиришти.

«Сот туура эмес чечим чыгарып койду. Сотторду да сатып алган деп ойлоп жатабыз», — деп айтты ишкер Абдымиталип Бекташов.

Кадыралиевдин үстүнөн сотко Ош шаарындагы ишкерлер даттанышкан. Алардын айтымында, экс-прокурор өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып «мүлктөрүн жана бизнестерин» карактап алган.

Буга чейин ишкерлер бир нече жолу маалымат жыйын курушуп, Ак үйдүн алдына митингге чыгып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошкон. Экс-прокурор аларды жалган маалымат таратып келет деп өзүнө карата коюлган айыптарды четке каккан.

Кадыралиевге козголгон иш

Буга чейин Башкы прокуратура 2014-жылы Кадыралиевге каршы кылмыш ишин козгоп, ал кызматынан бошотулган. Экс-прокурор камакка алынып, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде үй камагына чыгарылган.

Мурдагы аткаминерге Ош облусундагы жеке ишкерлердин арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Жабыр тарткандардын арасында куралдуу карактоого кабылганын, 27 жылкысын, кафесин, 3 гектар багын тарттырып ийгенин айткан алты ишкер бар.

Канжар Кадыралиев — КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы эл өкүлү болгон Ыргал Кадыралиеванын бир тууган иниси.