Олимпиада: Акжол Махмудов жарым финалга чыкты

Сүрөт: Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги 

Кыргыз спортчусу Акжол Махмудов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча жарым финалга чыкты. Ал чейрек финалда азербайжандык спортчу Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде утту.

Махмудов турнирге 77 килограм салмак боюнча катышып жатат. Алгачкы беттешинде кыргыз балбаны тунистик спортчу Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен жеңип, турнирдин чейрек финалына чыккан.

Эми Махмудов жарым финалда армениялык балбан Карапет Чалян менен күрөшөт.

Акжол Махмудов 22 жашта. Ал эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо алган.