«Ташиевдин тизмеси». УКМКнын башчысы коррупцияга шектелгендерден акча албасын айтты

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев фейсбук барагында акыркы күндөрү соцтармактарда таркап жаткан тизме боюнча үн катты.

Колго жазылган тизмеде Ташиев пара алды делген адамдар менен уюмдардын аттары көрсөтүлгөн.

«Эч кимден эч кандай акча мен албаймын. Биздин атыбызды жамынып акча талап кылган бир нече кылмыштуу топторду колго түшүрдүк — алар мыйзамдуу жазасын алышат. Эгерде бир эле адамдан акча алсам, анда ал адамдардын тууган-уругу, жакындары билмек жана айтып чыгышмак. Биздин бардык иш аракеттерибиз мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн жумшалат», — деп жазган Ташиев фейсбук барагына.

Эмне болгон тизме?

Мурдараак социалдык тармактарда жана ЖМКларда колго жазылган тизме тарай баштаган. Анда акыркы бир нече айда УКМК тарабынан кармалган белгилүү саясатчылардын жана башка адамдардын ысымдары болгон.

Алардын ысымдарынын жанында Ташиевге пара катары берилген делген акчалардын суммасы көрсөтүлгөн.

Соцтармактардан алынган сүрөт.

Негизинен тизмеде мамлекеттин пайдасына 1 млрд сом төлөп берип, УКМКнын тергөө абагынан эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган депутат Кубанычбек Жумалиев бар. Анын ысымынын жанына 70 млн сом деп жазылган.

Бул тизмеде «Кумтөр» иши боюнча кармалган экс-депутат Исхак Пирматов дагы бар. Кийин ал тергөө менен кызматташууга барганы үчүн эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Анын ысымынын жанында 10 млн сом деп көрсөтүлгөн.