«Кыргызкөмүрдүн» директору менен «Кара-Кеченин» эсепчиси коррупцияга шектелип кармалды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: «24.kg»

УКМК «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директорун жана «Кара-Кече» филиалынын эсепчисин коррупцияга шектеп кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 4-августта билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр «Кара-Кече» кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн. Ошондой эле, пайда көрүү максатында өндүрүлгөн көмүрдүн көлөмүн аз көрсөтүп, өз пайдасына ар кандай компанияларга сатып жүрүшкөн.

«Атайын дайындалган экспертизанын жыйынтыгында, мамлекеттик ишкана тарабынан казылган көмүрдүн көлөмү 370 миң тоннага, ал эми акчасы 600 млн сомго аз көрсөтүлгөнү аныкталган», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат шектүүнүн аты-жөнүн А.К.Ы. деген инициалдар менен берген. Бул инициал «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевге туура келет. УКМК билдирүүсүндө шектелип жаткан эсепчинин аты-жөнүн тактаган эмес.

Шектүүлөр учурда атайын кызматтын тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.