«ПЧР-анализдери жок». Өзбекстандын үч жараны «Кадамжай — Автожол» өткөрмө пунктунда чыр чыгарды

Социалдык тармактарда Өзбекстандын үч жараны кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын күч органдары менен чырдашкан видеосу тарап жатат. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, окуя Баткен облусунун «Кадамжай — Автожол» өткөрмө бекетинде 30-июлда болгон.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын 20, 22 жана 26 жаштагы жарандары коронавируска тапшырган ПЧР-тесттин жыйынтыктарын көрсөтпөстөн Кыргызстандын аймагына өтүүгө аракеттенген. Бирок өткөрмө пунктунда турган санитардык-карантиндик көзөмөл пунктунун кызматкерлери аларды өлкө аймагына киргизген эмес.

«Буга карабастан Өзбекстандын үч жараны көзөмөл бекетинен өтүүгө аракет кылды. Агрессивдүү, чек ара кызматкерлеринин талаптарын укпаган адамдар текшерүү пунктунда чыр чыгарышты», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Жеринде болгон милиция кызматкерлери өзбекстандыктарды алып кетип, алар чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенгени боюнча териштирүүнү баштады.

Чек ара кызматынан акыркы убакыттарда коңшу өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстандын аймагына өтүү үчүн жасалма эмдөөдөн өткөнү тууралуу сертификаттар же терс ПЧР-жыйынтыктарды колдонуп жаткан көп учурлар катталганын белгилешти.

Өзбек блогердин Садыр Жапаровго кайрылуусу

Буга чейин Исраил аттуу өзбекстандык блогер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, Оштогу «Достук» өткөрмө бекетинде турган кыргыз чек арачылары Өзбекстандын жарандарынан акча опузалаганын айтып даттанган. Блогердин айтымында, чек арачылар ар бир адамдан 50 миң сум (дээрлик 400 сом) алышууда.

«Эгер 50 миң сумду бербесе өткөрбөй тура беришет. Коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгы жасалма деген өңдүү ар кандай шылтоо менен артка кайтарышат. Айласыз акча беришет. “Акча бербейм” деген адамды кармап тура берет, самолёттон кеч калат*. Сизден сураныч, ошол өткөрмө бекеттен кабар алып, жагдайды карап көрүңүз. Паракорчулуктун аз болсо да алдын алууңузду суранам», — деген Исраил.

*Кыргызстанда учактарга билеттердин баасы салыштырмалуу арзан болгонуна байланыштуу Өзбекстандын жарандары Ош аэропортунан Казакстан жана Орусияга учушат.

Ал эми Чек ара кызматы бул дооматтарды четке кагып, аскерлер чет өлкөлүктөрдүн документтерин гана текшергенин билдиришти. Ошондой эле, мекеме өткөрмө пункттарда ПЧР-жыйынтыктарды Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери гана текшере турганын кошумчалады.