35 тонна күйүүчү май тартып бараткан унаа Кара-Суу дарыясына кулап, айдоочу каза тапты

6-августта Жалал-Абад облусунун Торпу аймагында «Фредлайнер» үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа сайга кулап, 60 жаштагы айдоочу көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 35 тонна күйүүчү май Кара-Суу дарыясына төгүлүп, Нарын дарыясына кошулган.

ӨКМ күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткенин билдирди. Кырсыктын кесепетинен 60 жаштагы айдоочу каза таап, анын 39 жаштагы шериги жабыркаган.

«Кырсыктын кесепетинен 60 жаштагы Б.Ж. атуу айдоочу киши каза болуп, 39 жаштагы К.К. аттуу киши жабыркаган. Каза болгон адамдын денеси тез жардам кызматы аркылуу Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилди», — деп жазылат маалыматта.

Кырсык болгон жерге Кара-Көл шаардык ӨКБнын 5 куткаруучусу барган. Министрликтин маалыматына ылайык, жеринде ИИМдин жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери иштеп жатат.