Атамбаевдин тарапташын бутка аткан шаардык кеңештин депутаты үй камагына чыкты

kaktus.media басылмасы 9-августта Ленин РИИБине таянып, Бишкектин Ленин райсоту Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Темиркуловдү үй камагына коё бергенин билдирди. Ал 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин партиялашы жана тарапташы Алга Кылычевди бутка аткан деп шектелип кармалган.

Басылманын маалыматына ылайык, Кылычев калаа кеңешинин депутатына тосмо арыз жазган.

Ал эми Алга Кылычев өзү «Клооптун» кабарчысына эч кимге каршы чара көргүлө деп арыз жазбаганын, бул Темиркулов экөнүн ортосундагы маселе экенин, «жигитче» чечишип алабыз деп билдирди.

«Бул маселе жеке Темиркулов экөөбүзгө тийиштүү. Өзүбүз жигитче чечишип алабыз. Мени скорый алып кеткенде үйгө барып аялымдан милиция арыз алып кетиптир. Мен аялымдын арызы каралбасын деп, Темиркуловду кылмыш жообуна тартпоону өтүнүп кайрылдым. Себеби мен арыз жазган эмесмин. Жана жазбайм дагы! Түрмө адамды оңдобойт. Мен көргөн түрмөнү душманыма да каалабайм», — деп билдирди Кылычев.

Экөө тең «Кыргызстандан социал-демократтар» партиясынын мүчөсү болуп эсептелет.

Ок чыгарууга өткөн мушташ

Таалай Темиркулов жана Алга Кылычев

7-август күнү «Ак-Ордо» конушунда депутат Темиркулов Кылычовго ок аткан. Кылычовдун жубайынын айтымында, күйөөсү менен калаа кеңешинин депутаты телефон аркылуу кайым айтыша кеткен.Кылычовдун аялы милицияга көп өтпөй эл өкүлү ак түстөгү унаасы менен алардын үйүнө келип, Кылычовду көчөгө чыгуусун суранганын айтып берген. Бирок арадан 10 мүнөттөн кийин ал октун үнүн угуп эшикке чыркап чыгып, күйөөсү кансырап жатканын көргөн.

Бир нече убактан кийин Бишкектин Ленин РИИБи Темиркулов кармалганын билдирген. Ал тергөө маалына убактылуу кармоо изоляторуна киргизилип, ал эми Кылычов Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

9-августта ооруканадан жабырлануучунун абалы туруктуу экенин, ал дарылануусун улантып жатканын билдиришти.Айрым ЖМКлардын маалыматына ылайык, жакында эле «Сциал-демократтар» партиясынын депутаттары шаардык кеңешке шайланып келишкенин майрамдашкан.* Алга Кылычев артисттердин кызмат акысын төлөө боюнча милдетке жооптуу болгон, бирок иш-чарадан кийин аларга төлөнбөй калган. Мындан улам уруш олуттуу жаңжалга айланып кеткен.

*11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Социал-демократтар» 5 мандатка ээ болгон.

Мындан тышкары, социалдык тармактарда Кылычев 7-августка караган түнү «таанышынын унаасына таш ыргытты» деп айтылган видео пайда болгон. Андан кийин экөөнүн ортосунда мушташ чыккан. Кылычов мас болгону айтылат.

«Шерменделик»

Окуяга «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков дагы комментарий берди. Ал окуяга «саясий боёк берүүнү кажети жоктугун», себеби уруш жеке мүнөздөгү маселелерден улам чыккан.

«Бул партияга тиешеси жок маселе, бул алардын жеке мамиле жана маселелери. Мен экөө менен тең сүйлөшүп, мындай болбошу керектигин, депутат үчүн шермендечилик экенин айттым. [...] Бул шермендечилик, сөзсүз четтетүүгө чейин жеткен эң катаал чара көрүлөт [...] Аларга эң аз дегенде 100 саат коомдук жумушту беришибиз керек деп эсептейм. 10 мүнөт чартаңбай тебишти, эми 100 саат көчө шыпырышсын. Эл алдында күнөөлөрүн жуушсун», — деди Султанбеков «Апрелге».