Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөлөрүн Жапаров өзү тандайт — АИКтин башкатчысы

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин (АИК) мүчөлөрүн президент өзү тандайт. Бул тууралуу АИКтин башкы катчысы Нуруйпа Муканова 10-августта кеңештин өкүлдөрү менен жарандык сектордун жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 24 миң бейөкмөт уюм иштейт жана анын баары кеңештин курамына кире албайт, ошондуктан тандоо укугу өлкө башчысына берилет.

Муканова АИКтин ролу тууралуу дагы айтып берди

«АИК укук коргоо органы эмес. Биз иликтөө кылбайбыз. Билдирүү болгондо биз аларды прокуратурага беришибиз керек, бизде ЖМКлар аркылуу же түз президентке коррупция фактыларын айтуу укугубуз бар», — деди ал.

Бул Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жарандык сектор менен алгачкы жолугушуусу болду. Ал Жогорку Кеңештин жыйындар залында өттү. Муканованын айтымында, кеңештин биринчи жыйыны президенттин катышуусу менен сентябрда өтөт.

Күн мурун АИК аймактык тескөөчүлөргө экономикалык кылмыштарды иликтөөгө жол берген ыйгарым укуктарды берүүгө каршы чыккан. Муканованын айтымында, мындай чечим коррупция үчүн жаңы жолдорду гана ачып берет.

Эмне болгон Антикоррупциялык ишкердик кеңеш?

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш июнь айынын этегинде Садыр Жапаров бизнес-коомчулук менен жолуккандан кийин түзүлгөн. Тиешелүү жарлыкка президент 2021-жылдын июль айынын башында кол койгон.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы болуп Нуруйпа Муканова дайындалган — ал экономиканын ар башка секторлорунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча адис, Кыргызстандын антикоррупциялык органдарында иштеп келе жатканына 10 жылдан ашты.

Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, Антикоррупциялык ишкердик кеңеш «коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу» үчүн кызмат кылат.

Жаңы түзүлгөн мамлекеттик орган «коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү», «бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү», «инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуунун» үстүндө иш алып барып жатат.