Мариповдун эски Audi’ге түшүүсү. Минкаб Ысык-Көлдөгү жолду оңдоо маселесин карайт

Минкабдын төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусундагы сапарында эскилиги жеткен Audi менен жол жүргөнүнө комментарий берди.

«Жергиликтүү бийлик органдары көрсөткүчтөр жакшы деп отчёт беришет, бирок иш жүзүндө таптакыр башканы көрөбүз. Тасма айылынын тургундары менен болгон жолугушууда тургундардын сунушу менен Аудиге түшүп, айылдагы талкаланган жолдун абалына жеке өзүм күбө болдум», — деп жазды аткаминер фейсбук барагында.

Марипов келерки жылы жолдун ошол бөлүгүн жол куруу жана реконструкциялоо тизмесине киргизүү караларын билдирди. Ал мындай жол көйгөйү ар бир облуста бар экенин жана алар финансылык мүмкүнчүлүккө жараша оңдолот деп белгиледи.

Эски Audi’ге отуруу

Марипов 6-августта Ысык-Көл облусуна барып, селден жабыркаган райондорду кыдырып, тазалоочу курулмалардын абалы менен таанышкан.

Сапар учурунда жергиликтүү тургундар министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду кортеждеги «Toyota Land Cruiser» унаасынан түшүп, «Audi» унаасына отурууга аргасыз кылышкан.

Тургундар бул аракети менен Мариповго аймактын көйгөйлөрүн айтып, ички жолдор менен жүрүү канчалык ыңгайсыз экенин көрсөткүлөрү келген.