«Кумтөр» иши. Сот Асылбек Жээнбековду УКМКнын тергөө абагында калтырды

Бишкек шаардык соту депутат Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртпөй биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Эл өкүлү 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калат.

Жыйын учурунда шаардык соттун алдына 100дөн ашуун адам чогулуп, Жээнбековдун күнөөсү жоктугун айтып, аны бошотууну талап кылышты.

Асылбек Жээнбековдун тарапташтарынын Бишкек шаардык сотунун алдындагы митинги. Сүрөт: AKIpress

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, депутат Асылбек Жээнбеков 2021-жылдын 31-майында «Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча УКМК тарабынан кармалган.

Жээнбековдон тышкары кармалгандардын арасында бир катар мурдагы жана азыркы чиновниктер болгон, мисалы, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен Мухаммедкалый Абылгазиев.

Депутаттардын арасынан Талантбек Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана экс-депутат Исхак Пирматов кармалган. Алардын айрымдары тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан үй камагына же эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

Ал эми сот депутат Узакбаевди Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупция иши боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ал 300 миң сом айыпка жыгылган.