УКМК «Кумтөр» боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөттү

Кумтөр кенине байланышкан төрт кылмыш ишин иликтеп жаткан Улуттук коопсуздук комитети тергөөнүн алдын-ала жыйынтыгын жарыялады.

«Клооп» тергөө бүгүнкү күндө «Кумтөр» иши боюнча кандай жыйынтыкка келгенин айтып берет.

«Кумтөр» иши боюнча биринчи келишимдер

УКМКдан белгилешкендей, тергөө далилдерди чогултуп Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан келишимдерди түзүүдө, түрдүү толуктоо жана түзөтүүлөрдү киргизүүдө «“Камеко” жана Centerra Gold компаниялары менен кызматташкан жылдары толугу менен масштабдуу коррупцияга жол берилген деген негиздүү жыйынтыкка» келген.

Улуттук коопсуздук комитетинен келишимдин шарттары «Кыргызстандын элинин кызыкчылыктарына жооп бербегенин» баса белгилешкен.

Ал эми 1992-жылы түзүлгөн Башкы келишим жана 1994-жылы ал келишимге өзгөртүү киргизүү фактысы боюнча өлкөнүн биринчи бозгун президенти Аскар Акаев жана «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин мурдагы башчысы Дастан Сарыгулов сыртынан кылмыш жообуна тартылган. Бизнесмен, Экономиканы өнүктүрүү жана реконструкциялоо комитетинин мурдагы төрагасы Борис Бирштейнге* издөө жарыяланган.

Борис Бирштейн жана Аскар Акаев. Сүрөт: kaktus.media

*«Камеко» ишкер Борис Бирштейн ээлик кылган «Сиабеко» компаниясынын ортомчулугу менен кен иштетүүгө укук алган. Кийин саясатчы Осмонакун Ибраимов өзүнүн «Роковое золото Кыргызстана» деп аталган макаласында Бирштейнди «эл аралык деңгээлдеги аферист» деп атаган.

Ошондой эле, Акаевди «Камеко» компаниясы менен 2003-жылы түзүлгөн башкы келишимди кайра түзүү фактысы боюнча мөөнөтүнөн мурда кылмыш жообуна тартышкан.

*Эгерде мурда Кыргызстан «Кумтөр» долбоорунун 66% акциясына ээлик кылса, долбоорду кайра түзүүдөн кийин өлкөнүн үлүшү эки эсеге азайган. 2003-жылы «Камеко» Centerra’ны түзүүнү жана анын карамагына «Кумтөр Голд Компанини» жана компаниянын бардык активдерин өткөрүп берүүнү сунуштаган. Андан соң үлүштү кайра бөлүшмөк.

Кыргызстандын өкмөтү буга макул болгон. Жыйынтыгында кайра түзүүдөн кийин республиканын «Кыргызалтын» мамишканасы Centerra’дан 33% акцияга, ал эми «Камеко» — 67%га ээ болгон.

Кийин «Кумтөр» боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия 2013-жылы бул келишимди «эң пайдасыз» деп атап, ага кол коюу менен «кыргыз тарап “Кумтөр” долбоорун башкаруудагы укуктарын бир топ эле чектеп койгонун» белгилеген.

2009-жылдагы келишим

Мындан тышкары, тергөө Кумтөр кенине байланышкан башка келишимдерге дагы юридикалык баа берген. Ага ылайык, тергөө 2009-жылы жаңы шарттары менен келишим түзүүдө «өлкөнүн жогорку кызмат адамдары 1992, 1994 жана 2003-жылдары түзүлгөн келишимдердин пайдасыз экенин түшүнүп турса да, Centerra”нын кызыкчылыгын улуттун кызыкчылыктан жогору коюп, аталган компанияга атайылап, экологияга, республиканын экономикалык кызыкчылыктарына каршы келген чектөөсүз мүмкүнчүлүк түзүп бергенин» аныктаган.

«Бул эпизод боюнча кылмышка шектелип жатканы тууралуу билдирүү өлкөнүн мурдагы премьер-министри Игорь Чудивного жана “Кыргызалтын” башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алмазбек Жакыповго тапшырылган», — деп билдиришти УКМКдан.

Ошондой эле, төмөнкү адамдарга издөө жарыяланган: экинчи качкын президент Курманбек Бакиев, анын уулу Максим Бакиев, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Капар Курманалиев, директорлор кеңешинин төрагасы Андрей Елисеев, инвестордун өкүлү Андрей Сазанов.

Курманбек жана Максим Бакиевдер

Кийинки келишимдер

УКМК тергөө 2012-2014-жылдары Centerra’нын кызыкчылыгы үчүн өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген кылмыштар дагы аныкталганын билдиришти.

УКМКнын маалыматына караганда, бул факты боюнча төмөнкү адамдар жоопко тартылган:

  • экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Чет өлкөгө чыгып кетти;
  • мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган;
  • депутат Алмаз Баатырбеков. Камакка алынган;
  • экс-депутаттар Талант Узакбаев жана Исхак Пирматов. Узакбаев бул иш боюнча коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылган. Пирматов тергөө менен кызматташууга макул болуп, үй камагына чыккан;
  • президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаев. Ал дагы камакка алынган;
  • өкмөттүн мурдагы өкүлү Динара Молдошева. Ага шектөө тууралуу билдирүү тапшырылган. 

«Тергөө аныктаган коррупция фактыларын жана канадалык инвесторлор менен түзүлгөн Кыргызстандын элинин кызыкчылыгына жооп бербеген келишим шарттарын эске алуу менен республиканын Башкы прокуратурасы менен биргеликте “Кумтөр” долбоору боюнча келишимдерди токтотуу процесси демилгеленди», — деп билдиришти УКМКдан.

Улуттук коопсуздук комитеттин маалыматына караганда, 1992-2009-жылдардын эпизоду боюнча тергөө жыйынтыктоочу этапка жетти. УКМК «Кумтөр» боюнча андан кийинки макулдашуулар жана 2017-жылдагы Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча тергөө уланып жатканын кошумчалады.